www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Журналистти каккан депутатка каршы флешмоб башталды

Аман Аскаров 06-ноябрь 2019, 10:14

Коом Саясат


Журналистти каккан депутатка каршы флешмоб башталды

Журналистти "жогол ары!" деп каккан депутат Азиз Турсунбаевге каршы социалдык тармактарда флешмоб башталды.

Kloop  сайтынын кабарчысы Айзирек Иманалиева  депутаттан "Сиз “Ата-Түрк" паркынан жер тилке алып, кайра сатып жибергениңиз чынбы?" деп сураганда Турсунбаев суроого жооп бербей, “жогол ары!” деп кагып салган. 

Ошондон улам, депутат социалдык тармактардын колдонуучуларынын сынына кабылды. Көпчүлүгү эл өкүлүнө нааразычылыгын билдирип, журналисттен кечирим сурашын талап кылышууда. Эгер кечирим сурабаса мандатын тапшырсын деген талап менен Ак үйдүн алдына митингге чыгарын айтып жатышат. 

Ошондой эле журналисттер Facebook  социалдык тармагына депутаттын сүрөтү менен “өзүң жогол” деген хештек менен флешмоб башташты.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83