www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
 “Хизбут-Тахрирдин” “амири” кармалды

Айдар Нуралиев 06-ноябрь 2019, 10:05

Коом Кылмыш жана кырсык


 “Хизбут-Тахрирдин” “амири” кармалды

УКМК диний экстремисттик жана террордук уюмдардын мыйзамсыз иш-аракеттерине каршы күрөшүү иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарында “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмдун “амири”, коңшу мамлекеттин “Ш.Т.” аттуу жаранын кармады. Ал Кыргызстандын аймагында диний экстремисттик уюмдардардын жашыруун ячейкаларынын иш-аракеттерин жетектеп жүргөн. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Такталгандай, кармалган адам коңшу мамлекеттердин биринде “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмуна катышкандыгы үчүн эл аралык издөөдө жүргөн. “Ш.Т.” жасалма паспорт колдонуп, Кыргызстандын аймагында активдүү экстремисттик аракеттерин жасаган.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 359-беренесинин 3-б, 39-беренеси жана 358-беренесинин 1-б. боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, УКМКнын тергөө кызматы тарабынан кармалган адамга карата сотко чейинки өндүрүш башталды. Кармалган адам Бишкек шаарынын №1-Тергөө камак жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83