www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-депутат Дамирбек Асылбек уулунун жаза мөөнөтү кыскартылган жок

Айдар Нуралиев 06-ноябрь 2019, 10:40

Саясат Коом Кылмыш жана кырсык


Экс-депутат Дамирбек Асылбек уулунун жаза мөөнөтү кыскартылган жок

5-ноябрда Казакстандын Алматы шаарынын апелляциялык соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулунун доо арызын карап, аны канааттандырган жок. Ал эми, аны менен кошо соттолгон Уланбек Мурадиловдун 10 жылдык жаза мөөнөтүн 8 жыл кылып кыскартты. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Экс-депутатка  «чек арадагы аткезчилик менен алектенген» жана «эл аралык уюшкан кылмыштуу топко катышы болгон» деген айып коюлуп, 12 жылга эркинен ажыратылган. Бирок Дамирбек Асылбек уулу күнөөсүн мойнуна алган эмес. Айыпталган кылмыш ишинин негизинде жалпысынан 12 киши соттолгон.

 2018-жылдын февраль айында Казакстандын күч түзүмдөрү атайын операция жүргүзүшкөн. Анда, Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты менен Кыргызстандын эки жараны – Уланбек Мурадилаев жана Чыңгыз Абакиров кармалган.

Дамирбек Асылбек уулу 2015-жылы “Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган. Ал эми, Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 16-апрелде депутаттык мандаттан ажыраткан.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83