www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат журналисттен кечирим сураганга даяр

Аман Аскаров 06-ноябрь 2019, 11:41

Саясат


Депутат журналисттен кечирим сураганга даяр

Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” партиясынан депутаты Азиз Турсунбаев Kloop.kg сайтынын кабарчысынан кечирим сураганга даяр. Бул тууралуу ал жергиликтүү маалымат булактарына билдирди.

Анын айтымында, журналистти капа кылгысы келген эмес. “Ал менин карындашым болуп калат. Мен ага орой сүйлөй албайм. Окуя мындай болгон: ал мени кабылдамада күтүп жаткан. Мен бир жакка кетип жаткам. Мен чыкканда, ал менин жаныма келип, саламдашпай, өзүн тааныштырбай эле жер тилке боюнча суроо берди. Мен ага “ой күтө туруңуз, анан” деп кетип калдым. Эгер бул катуу тийсе, же мен кандайдыр бир капа кылуучу сөз айтсам, анда кечирим сурайм. Кабарчынын алдында да өзүнчө кечирим сураганга даярмын”, - дейт Азиз Турсунбаев.

Ал эми кабарчы сураган “Ататүрк” паркынын жер тилкеси боюнча суроого Турсунбаев мындай деп жооп берди: “2005-жылдан бери менин ал жерде эч нерсем жок. Текшерип көрсөңөр болот.”

Белгилей кетсек, депутаттын “жогол ары!” деген сөзү нааразычылык жаратып, Facebook социалдык тармагында журналисттен кечирим сурасын же болбосо мандатын тапшырсын деген хештек менен флешмоб башталган.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83