www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - Жалал-Абаддагы жабылды деген сойкукана дагы деле иштеп жатабы?

Айдар Нуралиев 06-ноябрь 2019, 13:36

Коом Кылмыш жана кырсык


ВИДЕО - Жалал-Абаддагы жабылды деген сойкукана дагы деле иштеп жатабы?

Эрзат Шадибеков аттуу Фейсбук колдонуучусу жеке баракчасына Жалал-Абад шаарындагы жабылды деген сойкукана дагы деле иштеп жатканын жазып чыкты.

 “Бая күнү эле Спутниктин айланмасынын жанындагы арам базар жабылыптыр деп чын дилден кубандык эле. Кээ бирлер УВДнын жетекчиси "Жабылсын" деп буйрук бериптир деп ага ыраазычылык, алкыш айтып, мактап жатты эле.

Бүгүн кайра эле ошол шайтандын уюгу өз ишин улантып жатат. Түшүнүксүз абал, эмнеге жабышты да, анан кантип, эмнеге кайра иштеп жатат?..  Же акча чечип койдубу? Же болбосо “крышавать” эткендер болдубу?..

1 мүнөттүн ичинде 2 машинада, 2 адам кейпин кийген макулуктар кирип кетти. Бул деген 4 үй-бүлөнүн бактысы, сүйүүсү бузулду дегендик”, -деп жазган Шадибеков.

NazarNews маалымат агенттиги бул боюнча жооп алуу үчүн Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматына кайрылып, жооп ала алган жок. Жооп болгондо, бул темага дагы кайрылмакчыбыз.

Негизи эле, милиция кызматкерлери мына ушул сыяктуу сойкуканаларды жаап, бирок ал сойкуканалар көп өтпөй эле кайра иштеп жатканы айтылып эле келет.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83