www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сүрөт - Чек арага кол салгандар кимдер экендиги белгилүү болду

Аман Аскаров 06-ноябрь 2019, 15:10

Кылмыш жана кырсык


Сүрөт - Чек арага кол салгандар кимдер экендиги белгилүү болду

Тажик-өзбек чек арасына кол салган куралчан согушкерлер “Ислам мамлекети” террордук тобунун мүчөлөрү экени аныкталды. Бул тууралуу Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитети билдирди. 

Тергөөнүн жүрүшүндө кармалгандар суракка алынып, 3-ноябрь түнү террорчулар тобу Ооганстандан Тажикстанга мыйзамсыз өтүшкөнү маалым болгон.

“Алар атайын өзүнө ылайыктуу чек араны тандап алышып куралдуу  кол салууга киришкен”, -деп айтылат маалыматта. Учурда тергөө иши уланууда. 

Эске салсак, 5-ноябрдан 6-ноябрга караган түнү 20дай бет кап кийинген белгисиз куралчан согушкерлер тажик-өзбек чек арасына кол салган. Кол салууда бир чек арачы менен бир милиционер каза тапкан. Ал эми куралчан согушкерлердин 15и ошол жерден жок кылынып, 5 террорчу кармалган.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83