www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Электрондук нотариус» маалыматтык системасын ишке киргизүү башталды.

Айдар Нуралиев 06-ноябрь 2019, 16:19

Саясат Коом


«Электрондук нотариус» маалыматтык системасын ишке киргизүү башталды.

Нотариустардын бирдиктүү реестрин, нотариустук иш-аракеттердин маалыматтык негизин түзүү, «Электрондук нотариус» маалыматтык системасын ишке киргизүү  «Санариптик Кыргызстан 2019-2023» Санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча «Жол картанын» иш-чараларынын алкагында жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

«Электрондук нотариус» маалыматтык системасы иштин ачыктыгын арттырууга, коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга, нотариустардын жүктөмүн азайтууга, алардын ишинин сапатын жогорулатууга, адамдык фактордун таасирин четтетүүгө багытталган.

Учурда жарандар жана уюмдар нотариустук, айрыкча коммерциялык кыймылсыз мүлктү сатып алууга же сатууга байланыштуу кызматтарды пайдаланууда ыңгайсыздыктарды сезишет. Ар кандай агенттиктерден алынган зарыл документтерди бергенден кийин алар кыймылсыз мүлктүн актуалдуу макамы тууралуу расмий маалымат алуу үчүн нотариустук кеңселер мамлекеттик каттоо бюросу менен байланышканча күтүшү керек. Баскычтуу аткарылган транзакциялардын санынын көптүгүнө байланыштуу, кардардын жана сатуучунун ортосунда нотариус аркылуу таризделүүчү келишимдерди жүргүзүү кыйла көп убакытты талап кылат.

Электрондук нотариус модели нотариустардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. «Электрондук нотариус» нотариустук иш-аракеттерди жүргүзүү убактысын, үзгүлтүккө учуроолордун санын жана тыныгууларды кыскартып, процесстин сапатын жакшыртып, маалыматтык тутумду активдүү колдонуунун негизинде нотариустук аракеттердин заманбап түрүн түзөт.

«Электрондук нотариус» МС нотариустарга кайрылган учурда жарандардын жана уюмдардын укуктарын, кызыкчылыктарын коргоо деңгээлин жогорулатат.

Натыйжада «Электрондук нотариус» МС Кыргыз Республикасынын башка маалыматтык системалары менен интеграцияны камсыз кылат.

«Электрондук нотариусту»  толук кандуу киргизүү үчүн Өкмөттүн буйругу менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине 7,3 млн сом бөлүнгөн.

20-сентябрдан 20-октябрга чейин Бишкек шаарында тесттик режимде ишке киргизилген. Учурда толук кандуу жана комплекстүү иштөөсү үчүн системаны тууралоо жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83