www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда биринчи аудиолог бөлмөсү ачылды

Айдар Нуралиев 06-ноябрь 2019, 17:19

Коом Ден-соолук


Кыргызстанда биринчи аудиолог бөлмөсү ачылды

Кыргызстандагы алгачкы аудиологдун бөлмөсү 4-ноябрда Октябрь районунун Бириккен Үй-бүлөлүк медициналык борборунда ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, иш-чара КР Саламаттык сактоо министрлигинин, КР Билим берүү жана илим министрлигинин, КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин, "Сорос Кыргызстан" фондунун өкүлдөрү, сурдологдор, сурдопедагогдор, кохлеардык импланты бар балдардын ата-энелеринин катышуусунда өттү.

Аудиологдун бөлмөсү  Кыргыз республикасынын кохлеардык импланты бар бардык жарандарына жеткиликтүү болот. Буга чейин өлкөбүздө сүйлөө процессорун түзөтүү боюнча кызматтар жеткиликсиз болгондуктан,  жардамга муктаж жарандар ар алты ай сайын чет жактарга чыгууга аргасыз эле. Ушуга байланыштуу Кыргызстандан эки адис үстүбүздөгү жылдын жай айларынын башында Киев шаарындагы "Жакшы угуу өнөрканасы" мектебине окутууга жиберилип, керектүү билим, атайын адистештирилген жана өнүктүрүүчү адабият менен кайтып келишип, эми алган билимдери менен бөлүшүү максатында башка адистерди окутуудан өткөрүп башташты. Адистерди окутуу "Угуусу начар балдарга билимдин жеткиликтүүлүгү" программасынын алкагында "Өнүктүрүү" балдар борбору "Сорос Кыргызстан"  фондунун колдоосу менен уюштурулду.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83