www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сейитбек Атамбаев кол жоорутуп, бел оорутпай, асмандан эле миллиондогон сом акчаларды кантип жасаган?

Темирлан Келдибеков 07-ноябрь 2019, 10:24

Саясат


Сейитбек Атамбаев кол жоорутуп, бел оорутпай, асмандан эле миллиондогон сом акчаларды кантип жасаган?

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаевге таандык “Автомаш-Энерго” ишканасынын документтери Биринчи Май райондук сотунун чечими менен алынды.

Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, 2015-жылдан ушул кезге чейин бул компаниянын ишмердүүлүгү салык органдары тарабынан текшерилген эмес. Ушул жылдын 23-августунда райондук сот “Автомаш-Энерго” ЖЧКсынын мүлкүн камакка алуу тууралуу токтом чыгарып, салыктык текшерүү дайындалган.

“2003-жылы “Кыргызавтомаш” ААКнын директорлор кеңеши электр энергиясын дүңүнөн алып сатуу менен алектенчү “Автомаш-Энерго” деп аталган туунду компания негиздеген. 2004-жылы Атамбаев негиздөөчүлөрдүн курамына уулу  Сейитбек Атамбаевди киргизген. Ушу тапта ага аталган фирманын 75 пайыз үлүшү катталган. Мындан улам быйылкы жылдын 23-августунда “Автомаш-Энерго” ишканасы камакка алынып, салыгын текшерүү каралган. Бирок фирманын жетекчилиги ушу кезге чейин ар кандай шылтоо менен салык органдарына керектүү документтерди көрсөтүүдөн баш тартып, алардын ишине тоскоолдук жаратып келген”,- деп айтылат маалыматта.

Мындан улам 31-октябрда Биринчи Май райондук сотунун токтомунун негизинде аталган ишкананын тиешелүү документтерин алуу аракеттери жүргөн.

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаев ишканасы акыркы жылдары мамлекетке 25 миллион сом салык төлөгөнүн, азыр акыркы саясий окуялардын аркасы менен рейдерлик басып алуу аракеттери жүрүп жатканын билдирген.

Ал эми эл арасындагы имиштерге ылайык, Сейитбек Атамбаевдин “Автомаш-Энерго” компаниясы атасы президент болуп турганда ГЭСтерден өндүрүлгөн электр энергиясын ит бекер алып, аны кайра коммерциялык ишканаларга сатып акча жасоо менен шугулданат. Башкача айтканда, кол жоорутуп, бел оорутпай, асмандан эле миллиондогон сом акчаларды жасайт. Эми бул жагын тиешелүү текшерүүчү органдар ачыкка чыгарышат бекен же Шадиевдин “Ала-Арча” соода комплексиндей сатылып кетти... болобу?!, деген “Майдан. kg” гезити

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83