www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Турсунбай Бакир уулу, экс-депутат: "Бизде да коррупционерлерди кытайдай же ислам өлкөлөрдөгүдөй жазалаш керек!

Айдар Нуралиев 08-ноябрь 2019, 10:35

Саясат Маек Кылмыш жана кырсык


Турсунбай Бакир уулу, экс-депутат: "Бизде да коррупционерлерди кытайдай же ислам өлкөлөрдөгүдөй жазалаш керек!

- Турсунбай мырза, бийлик Илмияновду камагандай неге башкаларды жазалай албай жатат. Илмиянов Атамбаевдин кадры болгон үчүн запкы тартып жаткан жокпу?

- Сооронбай Жээнбековго чейин президенттер өзүнө караштуу адамдарды камабай, жалаң бөлөк партиядагы, өзүнө жат адамдарды камачу. Эми ажо кечээги эле досторун жана партиялаштарын каматып, ага чейинки президент камагандарды четинен бошотуп жатат. Менимче, бул кыйла адилеттүү болууда.

- Коррупция менен күрөштө кармалгандардын санына басым коюлушу керекпи же иштин сотко жеткенине маани беришибиз керекпи?

- УКМК башчысы ТИЗОдо камалгандар үчүн орун калган жок деп айтып жиберди. Кеп камагандардын санында эмес, коррупцияга шектелип камалгандардын иштеринин канчасы сотко жетип, оң натыйжа бергенинде болушу керек. Маселен, уурдалган акчалар бюджетке кайттыбы? Кылмышы далилденип канча коррупционер түрмөгө олтурду? Коррупция менен күрөшүүнүн натыйжасы ушундай болуш керек.

- Коррупционерлер келтирген чыгымын, кошумча айып пулду төлөшсө эркиндикке чыкканы туурабы? Же кандай болгон күндө да жазасыз калбашы керекпи?

- Коррупционерлерди Кытайдай же ислам өлкөлөрүндөгүдөй жазалаш керек. Кытайда коррупционерлер уурдаган акчаны кайтарышса да бары бир атууга кетет! Ислам өлкөлөрүндө да дароо өлүм менен жазаланат! Коррупционерлерди аяган Кыргызстандай мамлекеттер дүйнөдө аз эле болсо керек...

- Коррупция менен күрөш тандалма жүрүп жаткан жокпу?

- Сооронбай Жээнбековду Сингапурдун ажосу Ли Куан Юдай болсун десек, анда ал өзүнүн жакындарынан камоолорду токтотпой уланта берүүгө милдеттүү!

- ТЭЦ боюнча коррупциялык схеманы иштеткендер эмес, күнөөсү жоктор эле камакта отурат деген Елисеевдин пикирине ишенишибиз керекпи?

- Мындай кайчы пикирлер жок болушу үчүн сот процесстери жабык эмес, ачык түрдө жүрүшү керек. Ошондо гана чыныгы күнөөлүү аткаминерлер камалып жатабы же күнөөсүздөр камалып жатабы, билинет болчу. Тергөө амалдарына шектүүлөрдүн баары бирдей тартылып, сурак иштери жүрүшү зарыл. Ошондой эле ТИЗОдо кармалгандар соттон качпай, сотко барып ачыгын айтышса, күнөөлүүлөр так айтылмак жана күнөөсүздөр бошомок.

Бул маек тууралуу "Майдан.kg" гезити 6-ноябрда чыккан санында жазып чыкты. 

Булак: NazarNews.kg

 

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83