www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ата-энеси 5 жаштагы кызын өлтүрүп, өрттөп салышкан

Бакыт Молдалиев 08-ноябрь 2019, 11:26

Дүйнө жүзүндө Кылмыш жана кырсык


Ата-энеси 5 жаштагы кызын өлтүрүп, өрттөп салышкан

Ташкентте беш жаштагы кызын сабап, атайылап өлтүрүп, сөөгүн өрттөп салган күйөөсү менен аялы кармалды. Бул тууралуу өзбекстандык маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 4-ноябрда А. В. аттуу жаран укук коргоо органдарына Бектемир районунда жайгашкан Compass соода борборунан  5 жаштагы кызы жоголгондугун айтып арыз менен кайрылган. Тергөө иштери башталып, кыз издөөгө алынган. 

Кыз табылбай, тергөө тобуна арыз жазган жубайлар шектүү көрүнөт. Тергөө ишинин жыйынтыгында, Сергелий районунда жайгашкан ижирага алган батирде 25-октябрда түнкү саат 03:00 чамасында күйөөсү менен аялы мас абалында беш жаштагы кызын атайылап сабап өлтүргөнү аныкталган.

Маалымат боюнча, жубайлар кызын өлтүргөндөн кийин сөөгүн жашыруу үчүн ошол эле күнү Бостанлык районунда жайгашкан үйгө алып барып өрттөп салышкан. Өрттөн калган калдыгын баштыкка салып Чирик дарыясына ыргытып жиберишкен. Андан кийин кылмышкерлер укук оргоо органдарына кызыбыз жоголду деп арыз менен кайрылышкан. 

Окуя болгон жерде кыздын калдыктары табылып, далил катары алынган. Жубайлар “Атайылап өлтүрүү” беренеси боюнча шектүү катары кармалып, тергөө иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83