www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Салянованын агасы Камила Дүйшебаеванын өлүмү боюнча жоопкерчиликке тартылбайт

Бакыт Молдалиев 08-ноябрь 2019, 14:17

Кылмыш жана кырсык


Салянованын агасы Камила Дүйшебаеванын өлүмү боюнча жоопкерчиликке тартылбайт

Камила Дүйшебаеванын өлүмү боюнча башкы күбө, мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын агасы Калыбек Эльтуйбасов жоопкерчиликке тартылбайт. Бул тууралуу анын жактоочусу Чынара Жакупбекова билдирди.

Буга чейин Насирбек Алмаматов Калыбек Эльтуйбасовго каршы жалган көрсөтмө  бергендиги үчүн жактоочу ага кылмыш ишин ачууну өтүнгөн. Алмаматовдун берген көрсөтмөсүнөн кийин Эльтуйбасов күбөдөн шектүүгө айланган. 

“Насирбек Алмаматов Камила Дүйшебаеванын өлүмүнөн мурун саунада достору менен эс алып жаткан видеону Эльтуйбасовдун тапшырмасы боюнча өчүрүлгөн деп жатат. Ошондуктан мен Насирбек Алмаматовго жалган көрсөтмө бергендиги үчүн кылмыш иши козголсун деп өтүнгөм. Бирок, прокуратура баш тартты”,- дейт Чынара Жакупбекова.

Ошондой эле, жактоочу Чынара Жакупбекова Эльтуйбасовго ачылган кылмыш иштерин токтотууну да өтүнгөн. 

Эске салсак, Камила Дүйшебаева 2014-жылы 10-мартта сырдуу жагдайларда каза болгон. Анын жансыз денесин Байтик айылындагы көрүстөндөн табышкан. Бул окуя коомчулукта резонанс жараткан, себеби ММКларда белгилүү адамдардын аттары аталган. Беш жылдан бери милиция кылмыштын бетин ача албай келет.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83