www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - Француз-украин футбол фанаттарынын ортосунда мушташ чыкты

Айдар Нуралиев 08-ноябрь 2019, 15:38

Спорт Дүйнө жүзүндө Коом


ВИДЕО - Француз-украин футбол фанаттарынын ортосунда мушташ чыкты

 Украинанын Львов шаарында француздар менен украин фанаттарынын ортосунда  массалык мушташ болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жарыялашты.

7-ноябрь күнү кечки саат 10до Львов шаарында «Александрия» жана «Сент-Этьен» командаларынын беттеши өтмөк. Анын алдында, тактап айтканда 6-ноябрь күнү кечинде  100дөн ашык футбол фанаттарынын ортосунда  уруш чыккан. Фанаттар бөтөлкө ыргытып, айнектерди сындырышкан.

Натыйжада 2 полиция кызматкери оор жаракат алган. 12 кишини кармалып, аларга кылмыш иши козголду. Алардын ичинен экөөсү украин, ону чет элдик жарандар болгон. Ал эми кечээ “Александрия» жана «Сент-Этьен» командаларынын ортосунда оюн өтүп, жыйынтыгы 2:2 эсеби менен тең чыгышты.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83