www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Милиция: “Антошка” кафесинде эки газ баллон жарылган

Айдар Нуралиев 08-ноябрь 2019, 16:47

Турмуш Коом Кылмыш жана кырсык


Милиция: “Антошка” кафесинде эки газ баллон жарылган

“Антошка” кафесинде эки газ баллон жарылган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн болжол менен саат 13:45 чамасында патрулдук кызматтын кызматкерлери “Ала-Тоо” кинотеатрынын жанында жарылууну жана ага удаа өрт чыкканын көрүшкөн. Кызматкерлер ошол замат жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга байланыштуу тиешелүү аракеттерди көрүшкөн. Кафенин кардарларын эвакуация кылууну уюштуруп, өрт чыккан жер курчалган.

Учурда окуя болгон жерде Биринчи Май РИИБинин тергөө тобу иш алып барып жатат.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83