www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Илбирстерди саноонун жаңы ыкмасы иштелип чыкты

Айдар Нуралиев 09-ноябрь 2019, 10:49

Коом


Илбирстерди саноонун жаңы ыкмасы иштелип чыкты

Бул методология илбирс байырлаган 12 өлкөнүн 20дан ашуун курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча уюмдарынын адистери, илимпоздору, саясатчылары тарабынан иштелип чыкты. Мунун негизинде Кыргызстандын тоолуу аймактарында байырлаган Ак илбирстин саны боюнча илимий негизделген так маалыматты алууга мүмкүндүк түзүлдү. Бул тууралуу өкмөткө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, учурда жаңы методология Мамлекеттик агенттиктин жетекчилигинин бекитүүсүнүн алдында турат. Бекитилгенден кийин Мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери жаңы технологияларды колдонуу, фото капкандарды кайсыл жерге, кандай орнотуу жана алардын аралыктары канча болуш керектиги жана башкалар боюнча атайын окуудан өткөрүлөт.

Буга чейин фото капкандарды орнотууда бирдиктүү система болгон эмес.

Белгилеп кетүүчү жагдай, бүгүнкү күндө Кыргызстанда байырлаган Ак илбирстердин саны 350-400 гө жакын.

Ак илбирстердин көбөйүшү биринчи кезекте алардын тамактануусуна байланыштуу болот. Алар аркар, тоо теке, доңуз, суур жана коён менен тамактанышат. Ак илбирс бийик тоолуу аймактарда, деңиз деңгээлиен 2000-4000 метр бийиктикте байырлашат.

Ак илбирс байырлаган жайлардын жалпы аянты болжол менен Кыргызстандын аянтынын 45% түзөт. Алар көбүнчө Батыш Тянь-Шань жана Памир-Алай зоолорунда байырлашат.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83