www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ФОТО - Жээнбековдун бул кылгандыгы туурабы эми?

Аман Аскаров 09-ноябрь 2019, 13:44

Турмуш Коом Саясат


ФОТО - Жээнбековдун бул кылгандыгы туурабы эми?

Бир кездерде бакыйган Жалал-Абад облусунун губернатору, андан мурун дагы, андан кийин дагы далай жооптуу кызматтарды ээлеп жүргөн Жусупжан Жээнбеков деген агабыз бар. Ишинде бир кынтыгын уккан дагы, көргөн дагы эмеспиз.

Бирок, анын Фейсбук баракчасындагы акыркы посту бир аз бүдөмүк ойго жем таштады. Анын жазганына караганда, Россияга кайсыл бир үчүнчү тараптан кол салуу болсо, анда мурдагы СССР өлкөлөрүнө кирген мамлекеттердин 60 пайыз калкы аны коргогонго чыгат имиш. Албетте, Фейсбукка ар ким эмнени кааласа, эмнени туура көрсө жазганга толук укуктуу. Бир гана таң калычтуусу бул постту Жусупжан мырза 7-ноябрда, “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүндө” жазгандыгында болууда. Биз билгенден дал ушул Орус падышачылыгы 1916-жылы далай кыргыздарды кырып, түп орду менен жок кылган. Алдуу-буттуулары Кытайды көздөй качып, жолдон миңдегени ачкачылык, табияттын катаал шартынан көз жумган. Андан кийин Совет бийлиги орноду, анда дагы далай улут каймагы репрессияга туш болду.

Жогоруда айткандай, ар бирибиз Фейсбук баракчасына өзүбүз каалаганды жазганга укуктуубуз, бирок датага дагы көңүл буруп койсок деген эле кеп...

Булак: NazarNews.kg  


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83