www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Айнура Осмонова агасы Бекмамат Осмоновду тартканбы?

Аман Аскаров 09-ноябрь 2019, 11:56

Турмуш Коом Саясат


Депутат Айнура Осмонова агасы Бекмамат Осмоновду тартканбы?

Айтылуу Бекмамат Осмонов убагында Алайда, Ошто, Токтогулда, Жалал-Абдда ж.б. аймактарда жетекчилик кызматтарды аркалап жүрүп, эл арасында чоң кадыр-баркка ээ болгон. Бир кездерде Акаев гана анын ишмердүүлүгүнө бут тосуп койбосо, болочокто өлкө башчысы болмок. Анын карындашы (бир тууганынын кызы) Айнура Осмонова. Жогорку Кеңештин депутаты.

Бул айым дагы агасын тартканбы, айтор кийинки учурда эл оозунан түшпөй калды. Парламенттин жалпы жыйынында, комитет, фракция чогулуштарында дагы көйгөйлүү маселелерди кабыргасынан коюп жүргөндүгүн биз дагы, журналисттер коомчулугу байкап жүрөбүз. Анан калса, шайлоочулары менен дагы кол үзбөйт. Мына жакында дагы Жалал-Абад шаарындагы Көк-Арт кичи районуна барып, жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуу өткөрдү. Көтөрүлгөн маселелер бардыгы орундуу болду. Алар, пенсия, аба кирдеп, экологиянын бузулуусу, спорттук залдардын, бейтап, оорукана, бала-бакчалардын зарылдыгы ж.б. социалдык маселелер.

Ушул калыбынан жазбаса эле,  Жогорку Кеңештин кийинки чакырылышынан дагы көрүп калабызбы...

Булак: NazarNews.kg  


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (1)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Meimanby Akjolova, 09-ноябрь 2019, 23:14
Айнура Шермаматовна Осмонова, Бекмамат Осмоновдун бир тууган агасы Шермамат Осмоновдун кызы! Шермамат Осмонов иниси Бекмаматтын устаты, насаатчысы, сырдашы жана бир боору болгондуктан, Шермамат аксакал өз кызы Айнурага да, эл үчүн эмгектенүү, адал иш, ыйман меселелери менен бирге мамлекеттин жүгүн артуу сырларын айткан эң мыкты кеңешчиси, жакын насаатчысы.
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83