www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - "Антошкадагы" жабыркагандарды алгач милиция куткара баштаган

Аман Аскаров 09-ноябрь 2019, 13:47

Турмуш Кылмыш жана кырсык Коом


ВИДЕО - "Антошкадагы" жабыркагандарды алгач милиция куткара баштаган

Коомдо кимди көп сындайбыз? Милицияны албетте. Жада калса “менин милициям мени коргойбу же кордойбу” – деген сөз дагы чыгарып алганбыз. Туура, сындай турган жагдайлар көп. Бирок, алардын эрдиги дагы көмүскөдө калбашы зарыл.

Айтканыбыз, кечээ Бишкектин чок ортосунда “Антошка” тез татымында газ баллондор жарылып, ондогон адам жабыркап, тилекке каршы ал тез татымдын бир кызматкери каза болду. Дал ошол аймакта нөөмөттө турган патрулдук милициянын кызматкерлери биринчилерден болуп жабыркагандарга жардамга келген. Алардын бири Бишкек ШИИББинин патрулдук милиция кызматынын кызматкери, 5-ротанын ага лейтенанты Борборбек Ташматов жергиликтүү басылмалардын бирине окуянын чоо-жайын айтып берген.

“8-ноябрь күнү биз “Ала-Тоо” кинотеатрынан алыс эмес жерде нөөмөттө турганбыз. Болжол менен саат 13:45те катуу жарылуу болуп, андан кийин имаратты өрт каптады. Жолду дароо буудук, себеби айдоочулар дагы жабыркап калышы мүмкүн эле. Жөө патруль кызматкерлерин чакырттык. Жабыркагандарды "Тез жардам" келгенче коопсуз жерге чыгара баштадык”, – дейт Борборбек Ташматов.

Эске салсак, кырсык кечээ күнү Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги “Антошка” тез татымында болгон. Анда үч ирет катуу жарылуу болуп, өрт чыккан. Жалпысынан 15 адам жабыркап, 5 адам үйдөн дарыланууга (амбулатордук дарылануу) жөнөтүлгөн.

Булак: NazarNews.kg  


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83