www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алмаматов дагы деле кармала элек

Айдар Нуралиев 09-ноябрь 2019, 14:27

Саясат Коом Кылмыш жана кырсык


Алмаматов дагы деле кармала элек

Ири өлчөмдөгү пара менен кармалып соттолгон Транспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо боюнча Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Насирбек Алмаматов дагы деле кармала элек. Муну жергиликтүү басылмалардын бирине Бишкек шаарынын Октябрь РИИБинин маалымат кызматкери Айбарчын Батырбекова билдирди. Анын маалыматы боюнча, учурда Алмаматовду издөө иштери Кыргызстандын аймагында жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, ушул жылдын март айында Транспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо боюнча Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Насирбек Алмаматов пара алып жаткан жеринен кармалган. Октябрь райондук соту аны 12,5 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Ал эми бул ишти Бишкек шаардык соту карап жатканда, айыптоочу болгон прокурор негедир ага айып пул салууну суранып чыккан. Ошентип, Бишкек шаардык соту менен прокурордун “жардамы” аркылуу Алмаматов 3,3 миллион сом айып пул төлөө чечими менен сот залынан бошотулган. Бирок, 30-октябрда бул ишти караган Жогорку сот Бишкек шаардык сотунун чечимин бузуп, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Алмаматовду кайрадан камакка алуу үчүн анын үйүнө барган милиция кызматкерлери аны таппай калышкан.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83