www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
СҮРӨТ - “Эне-трансформер” ачык сүрөттөрү менен соцтармакты жарды

Бакыт Молдалиев 09-ноябрь 2019, 14:30

Дүйнө жүзүндө


СҮРӨТ - “Эне-трансформер” ачык сүрөттөрү менен соцтармакты жарды

27 жаштагы Маргарита Грачева өзүн “апа-трансформер” деп атайт. Ал жогорку технологиялык протез кийип жүрөт. 
Мындан бир жарым жыл мурун Маргарита жолдошунун кызганычынын айынан бир колунан ажыраган. Москванын четинде жайгашкан Серпухово шаарынын тургуну аялы Маргаританы токойго алып барып, эки колунун манжаларын кесип салган. Күйөөсү аялын аябай кызганчу жана аны менен ажырашкысы келген эмес.

Маргарита катышкан фотосессия жана ал көтөргөн тема социалдык тармактардын колдонуучуларына өз таасирин тийгизүүдө. 

“Сексуалдуулук. Бул эмнеден пайда болот? 11-декабрда болгон окуядан кийин мен өзүмдү сулуумун деп эсептечү эмесмин. Эч кандай кемчили жок кыздан мен колу жок, сол колунда жана сол бутунда тырыктары бар кызга айландым. Чынын айтсам, мен азыркыга чейин бул абалымды кабыл албай келем. Кээде менин бир колумдагы тырыктар, кийилген көк көйнөк менен дал келбеген  колумдагы кара протез жана кыска юбкадан көрүнгөн сол бутумдагы тырыктар мени капа кылып, кыжырымды келтирет. Бирок, сексуалдуулук бул адамдын сырткы келбети гана эмес, бул бутуң менен чачыңдын узундугу же денеңдеги кал”,- деп ал Инстаграммдагы баракчасына жазып чыккан. 

 

Бир күндүн ичинде Маргаританын постуна 7 миң лайк басылып, 700 пикир калтырылган. 

 

 

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83