www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Адам ысымы - бул тагдыр. Маңкурт, Чомотой, Үлүл, Балтажутар...

Айдар Нуралиев 09-ноябрь 2019, 15:04

Турмуш Коом


Адам  ысымы - бул тагдыр. Маңкурт, Чомотой, Үлүл, Балтажутар...

Макалада адам ысымдарынын коюлушу, ага маани берүү, жоопкерчилик менен мамиле жасоо керектиги, ысым адамдын тагдырына байланыштуу боло тургандыгы иликтенет, - деп жазып чыкты "Шамбала" гезити.

Негизги сөздөр: адам, ысым, ат, тагдыр, улут, коом, келечек. Байыркы Орхон-Энисай таш эстеликтериндеги Гүл тегинге арналган чоң жазууда мындай бир окуя сүрөттөлгөн. Бир кезде түрктөрдүн мамлекети кыйрап, эли-журту, кытайлардын ээлигине өтүп, кыздары күң, уулдары кул болуп, балдарынын аты кытайлашып, иниси агасын, баласы атасын билбес» ахыбалга жеткен экен. Мына ушул маңкурттук абалды түрктүн мыктылары учурунда түрк улутунун өлүмү катары баалаптыр. «Түрк эли мындан көрө өзүбүздү өзүбүз өлтүрөлү, уруксуз бололу» (Гүл тегин эстелиги: Чоң жазуу) Ушундан улам муну айтабыз.

Мына ушундай көрүнүш азыркы учурдун актуалдуу маселесине айланды. Келечек муундардын көз-карашы күндөн күнгө батыштын сокур сезимине жетеленип баратат. Курттай соймоңдогон мындай сезим барып-барып жетээр жерине жеткенде таш талканын чыгарчы эле. Үлгү болчу чоңдорубуз уйку соонун ортосунан эртерээк ойгонуп, эл үчүн элдин эртеңкисине кичине болсода муштумдай эрдик кылса жакшы болоор эле. Ооба бул бир гана адамдын колунан келчү иш эмес. Ага баарыбыз жапа тырмак киришип кумурскадай эмгектенип, тоодой иш кылышыбыз шарт. Элдин эртенкиси бул жөн гана кагаз бетиндеги сөз эмес ага болгон дитибизди салып көңүл бөлүшүбүз керек. "Экөө бет маңдай отурушту.

- Мени тааныйсыңбы? -деди эне. Маңкурт башын чайкады. Сенин атың ким?

- Маңкурт деди ал.

- Сени азыр ошентип аташат. Мурдагы атың эсиңдеби? Чын атыңды эстечи? Маңкурт тунжурайт..." Эң эле сыймыктанаар жазуучулардын бири Ч.Айматовдун «Кылым карытар бир күн» романындагы каарман мына ушул абалыбызга түздөн-түз окшоштугун бере алат.

Ошол каарман ким? - ал Маңкурт. Китептен окуп манкуртка кейигенибиз менен бизге кейиген киши жок. Маңкурт деген эс акылдан ажыраган бир сөлөкөт: өзү ким, эли, жери кайда, ысымы ким, ата энеси ким, кайда, качан чоңойгон, эч нерсе эсинде калбайт, эч нерсени билбейт, кыскасы, өзүн адам элем деп эсептебей калат. Мунун бир жүйөсү бар ага айдар көкүл жуңжандар ширинин жардамы менен маңкурт кылат. Шири-сыпайыраак айтканда төөнүн терисинен жасалган баш кийим десек болчудай. Шири ысык күнгө кургаган сайын кысып, туткундун үнү кудайга жетип, көзү чанагынан чыгып, тартпаган азапты тартат да, анан өткөн өмүрүн, ата-тегин такыр эстей алгыс маңкурткулболупкалаберет. Ал эми бизди шириси жок эли маңкуртка айландырып бара жатышат. Айтканга жагымсыз угулганы менен бул ачуу чындык.

Көтөрө турчу маселе бул адам-ысымы. Кыргыз элинде ата-бабаларыбыздан бизге өтүп, дагы биздин урпактарыбызда да жашай бере турган көп салттар бар. Ал салттардын бири - туулган наристеге ат коюу. Балага ат коюу-жооптуу жана ардактуу иш, анда тарбиянын башаты катылган. Байыркы Түрк калктарында ошондой эле азыркы түрк элдери менен кошо кыргыздарда балага ат коюу анын келечегине байланыштуу деп эсептөө салты бар. Мындай салт элдин педагогикасы жана психологиясы менен байланышкан. Тактап айтканда бүгүнкү коюлган ат, анын эртеңки тагдыры менен байланыштуу болот. Мына ошол себептен ата-энеси балага ат тандоодо жоопкерчилик менен карап, бала кийин нараазы болбогудай ат коюшу шарт. Бир уламышта минтип айтылат: "Илгери бир заманда Чомотой аттуу саятчы болуп, ал бүтүндөй куштардын тилин билүүчү экен.

Бир күнү үйүнүн жанында дөңдө отурса, бир көк жору учуп келип, Чомотой саятчыга салам берди. Андан соң саятчыга катуу таарыныч айтты: "Мен бардык куштун чоңу, зору, төрөсү болом. Анын үстүнө сакалдуумун, жүндөрүм да буудайыктыкындай чаар. Таз жорудай тарп аңдып, сасыган эт жебейм, тишиме, тамагыма жумшак деп сөөк жеймин. Бир гана адамзатка таарынычым мени жада калса бүркүткө да теңебейт. Жору деп коюшат экен, өз атымдан эле айтпайбы", - дептир. Чомотой боору эзилгенче: "Мына, муну жутуп жиберчи, мен сага бир жакшы ат коюп берейин" - деп, колундагы ак балтаны сунду. Көк жору ошол замат ап эткизе сугунуп жиберди. Ошондо саятчы: "Анык балта жутар экенсиң", - дептир. Көк жору ошондон баштап "Балтажутар" аталып калыптыр. Жана саятчынын койгон атына ушул күнгө чейин ыраазы экен дейт. Бул уламыш болгону менен, биздин жашообузга түздөн-түз байланыштуу. Кыргыздар илгертен кыраакы эл болгон, ар бир нерсеге түп нускасынан маани берип келген. Ат коюда уул-кыздарына эле эмес, минген атына, салган кушуна, агыткан тайганына дагы "тандап" ат берген.

Чоң аталарыбыздын"Жылкынын атын да туура коюш керек, антпесе аттын багы ачылбайт" деген сөздөрүн угуп калаар элек. Адам атысыз миф жана уламыштар болбой тургандыгын илимпоздор белгилеп келишет, адам ысымы жападан жалгыз булак боло алган. Тарыхыбыздын кылым карытышына ушул ысымдардын салымы чоң. Көптөгөн жаштардын аттары чет тилдерден кирген, мааниси түшүнүксүз ысымдарга толо. Чет өлкөгө барып келген бир кыргыз атка минери баласына ошол жактан угуп келген бир ысымды бериптир. Кийин маанисин сураштырса, ал биздин тилде "үлүл" дегенди билдирет экен. Кыргызда ушунча сонун ат турса таап келген аты "үлүл". Мындай өз улутунун асыл-нарктарын жээрип, башка улутту башына көтөрүп жүргөн түшүнүксүз сезим биздин элде дагы деле күчтүү. Мунун баары өзүн "билимдүү" ойлогон адамдардын түркөйлүгүнөн болууда.

Болбосо, өз элинин "арслан", "аслан", "кабылан" деген ысымдарынын кантип чет өлкөнүн "үлүл" деген ысмы артык болсун? Бул көрүнүштү мисал менен мындай түшүндүрсө болот. Бийик тоонун чокусуна чыгып бараткан адамга, чыгып бараткан тоонун чокусу көрүнбөйт. Ал эми кайсыл тоонун бийиктиги канча экенин бийик тоонун чокусуна чыгып бараткандар, чыкканда гана түшүнүшөт. А чынында бөлөк элдин маданиятынын деңгээли канча экенин, өз элинин маданиятынын өзүнүн рухуна сиңиргендер гана баалай алат. Байыркы бабалардан келаткан салттарды ыйык сакташкан огуздар, адегенде араб ысымдарынын киришине катуу каршылык көрсөтүшкөн. Айрыкча жоокерлер ислам дининин кабыл алганына карабай, көпкө чейиң негизинен ата-бабалары алып келген эски аттарды алып жүрүшкөн.

Эми азыркы учурда сөзсүз түрдө арабдын же түрктүн атын коюунун кажети жок. Биздин өзүбүздүн да кудайга шүгүр аттарыбыз бар. Эгер биз араб мамлекетине барып, - атың ким? - деп сурасаң кыргызча бир дагы атты айтпайт, сөсүз Мухаммед, Ахмед деген өзүнүн нарк-насилине тиешелүү аттарды айтат. Ошондо чындап сен араб мамлекетинде экениңди толук түшүнөсүң. Бул аттар пайгамбарыбыз сүйгөн мусулман аттары. Бирок азыр не бир аттарды кездештиребиз. Кулакка жагымдуу аттарды бири-бирибизден жарышып коё бере турган жагыбыз бар. Бирок ошол аттын түпкү маанисин билбейбиз. Айрыкча ислам дини кыргызга киргенден кийин-үстөмдүк кылган салт-санаа ислам дини болуп калгандыктан, адамдын энчилүү ысымы да көбүнчө араб иран сөздөрү менен аталып кеткен түрү бар.

А Кыргыздар өзү динге жакын адамдар, бирок ошол эле учурда өзүбүздүн улуттук нарк насилибизди унутта калтырбай, эки тизгин, бир чылбыр кылып ала жүрсөк, көпкө бара алабыз. Айтайын дегеним, кыргыз адам аттарынын ичинен Манас, Кошой, Төштүк - ушул үч ысым "ыйык" кол тийгис бойдон калуу керек. Манас: 1. Ман - байыркы арий тилинде "адам" дегенди билдирет. Ал эми "ас" кыргыз тилинде "асманга, бийиктикке" байланышкан түшүнүктү берет, байыркы герман урууларынын мифтеринде болсо, "ас" "кудай" дегенди түшүндүрөт. Кошой: Байыркы арий мифи боюнча, Тош" - "ыйык бука" дегенди түшүндүрөт. Демек, Кошой бабабыздын аты - "ай бука", "ыйык бука", "күчтүү бука" деген маанилерди берет. Тош" "гос" - "гус" - "гуз" болуп өзгөрө берет. Төштүк: Алтай-Сайан элдеринин тилдеринде "төш" ("төс") - "дух" мааниге ээ. "Түк", "Тек" ("тегин") деген сөздүн өзгөргөн формасы болсо керек. Демек "Төштүк" бабабыздын ысмы "духтан жаралган". "теги дух" деген маанини түшүндүрөт. Бул ыйык ысымдарды жөн ысымдарга айлантып, ой келди жайылта бергендин кажети жок. Койсок жакшы, туура келе турган нерселерге койгонубуз шарт.

Ар бир нерсенин тартиби болгондой эле, ысым ыйгаруунун да өзүнүн эрежеси болот. Эми толугу менен кыргыз аттарына токтоло кетпесек болбойт. Биздин аттардын бир өзгөчөлүгү - алардын «оперативдүүлүгү», башкача айтканда, турмушта болгон окуялардын бат эле балдардын аттарына чагылдырылышында. Мисалы, адам космоско уча баштаганда эле ошол илимий-техникалык прогресске байланыштуу балдарга: Космос, Космосбек, Космогүл сыяктуу аттар коюла баштаган. Кыргыз карым-катташ кылган, конок келсе ичкен ашын жерге коюп, бар жогун унутуп далбаластаган адамгерчилик жагы бар эмеспи. Буга бир далил: 1995-жылы Индия уулу Жавахарлал Нери өзүнүн кызы Индира Ганди менен Советтер Союзуна биринчи жолу келип, кең мекенибизде конок болуп кыдырып жүргөн. Ошондо кыргыз врачтары жаңы төрөлгөн чүрпөсүнө Индиранын ысымын коюну каалагандарын билдиришип, Индира Гандиге теллеграмма жиберишет.

Индира Ганди өзүнүн макулдугун берген. Натыйжада эки элдин, совет эли менен индия элинин бузулбас достугунун бир белгиси катары кыргыз кызына Индия мамлекетинин мурдагы Премьер министри, көрүнүктүү коомдук ишмери Индира Гандинин ысымы коюлган. Мына ошондон улам кыргыз кыздарына Индира деген ысым ыйгарылып, сыймыктануу менен ат катары аталып жүрөт. Ошентип адам ысымдары - ата бабалардын асыл байлыгы, нечен кылымдарды басып өтүп, бүгүнкү муундарга жеткен, келечекте урпактарга өтө турган элдик казына, элдик чыгармачылыктын жемиши. Кыргыз адам аттарынын эртеңкиси, келечегине маани бергим келди. Киши ысымдары коом менен кошо жашап, коом үчүн кызмат кыла тургандыгын көрсөтүү. Ансыз улуу улут болбойт, эл эркин элге айланбайт.

Булак: NazarNews.kg  

 

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83