www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ФОТО - "Сексалю" атыккан Тазабек Икрамов саясаттан машыктыруучулукка оойбу?

Аман Аскаров 09-ноябрь 2019, 16:34

Турмуш Спорт Коом Саясат


ФОТО - "Сексалю" атыккан Тазабек Икрамов саясаттан машыктыруучулукка оойбу?

Кадимки эле «Сексалю» атына конгон Тазабек Икрамов деген депутат бар. Чындыгында көп учурда бөтөн сөздөргө тили келе бербейт. Анысын айрымдары “чулдурлук таланты бар” – деп жүрүштү. Өзү деле бир ыңгайсыз жагдайларга көп кабыла бермей жайы бар.

Бирок, саясатың курусун, жакында Грузияда ардагерлер арасында күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын намысына жарап бергендигин эч ким тана албайт. Эми ал бул арада өзүнүн кичи мекенинде болуп, аны ал жерден өзгөчө тосуп алышты. Сузак эли өз уулуна кыргыздын жөрөлгөсү менен чепкен жаап, калпак кийгизип, атайын сый тамак уюштурду. Андан соң депуттаттын киндик каны тамган Кызыл Сеңир айылында майрамдык маанай уланып, айылдаштары, өспүрүм спортчулар менен жолугушуу уланды. Икрам ажы спорт комплексинде болгон жолугушууда депутат Тазабек Икрамов жаштарга көп жагынан үлгү экенин, намыстуу, мекенчил уулу менен эли сыймыктанаары айтылды.

Ушундай көрүнүштү карап отуруп, Тазабек агабыз саясатты коюп жаш өспүрүмдөрдү спортко үндөө менен алектенсе деген ой калат экен эй...

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83