www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ФОТО - Ахматбек Келдибеков Шанхайда эмне кылып жүрөт?

Аман Аскаров 09-ноябрь 2019, 18:07

Турмуш Саясат Экономика Коом


ФОТО - Ахматбек Келдибеков Шанхайда эмне кылып жүрөт?

Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын төрагасы “Ата Журт” партиясынын тең төрагасы Ахматбек Келдибеков Шанхайда ѳтүп жаткан “Экспо-2019” экинчи эл аралык импорт көргөзмөсүн катышып жүргөндүгүн уктук.

Ахматбек Келдибековго “Экспо-2019” көргөзмөсүнө чакыруу Кытай Өкмөтү тарабынан жөнөтүлгөн. Бул иш чара Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгына карата ѳлкѳ башчысы Си Цзиньпиндин демилгеси менен уюштурулган.

“ЭКСПО‑2019” Кытайдын тарыхындагы болуп көрбөгөндөй эң масштабдуу окуя. Анын өткөрүлүп жаткан жалпы аянты 68 футбол талаасын бириктиргенге барабар.  5-ноябрдан баштап 10-ноябрга чейин созулган бул иш чарага 170ден ашуун өлкөдөн 3800 ашуун  ири компаниялар катышып, көргөзмөгө бир күндө жарым миллионго жакын адам келип, бул күндңрү жалпы Кытайдын экспорту 58 млрд доллардан ашкан.

Экспо-2019” экинчи эл аралык импорт көргөзмөсүнѳ 64 өлкө улуттук павильондору менен катышса, Россия, Камбоджа, Чехия, Франция, Греция, Индия, Италия, Ямайка, Иордания, Казахстан, Малайзия, Перу, Таиланд, Өзбекстан жана Замбия өңдүү 15 мамлекет бул иш чаранын ардактуу коногу катары катышууда.

Эске салсак, ушул жылдын апрель айында президент Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарында «Бир алкак, бир жол» долбоорунун алкагындагы «Экспо-2019» биринчи эл аралык көргөзмөсүнө катышкан. Бул иш сапар Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин мырзанын чакыруусу менен уюштурулган.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83