www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ФОТО - Президент маданий мекемелерге барды

Аман Аскаров 10-ноябрь 2019, 10:04

Саясат Маданият Коом


ФОТО - Президент маданий мекемелерге барды

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 9-ноябрда, СССРдин Эл артисти, Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморовдун туулган күнүндө Г. Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм өнөр музейине барды.

Мамлекет башчысы Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына жана анын жубайы — Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген кызматкер Салима Шабазованын элесине арналган «Эсимде» көргөзмөсүн көрдү.

Көргөзмөдө Сүймөнкул Чокморов тарткан картиналары жана анын кино искусстводо, живопистеги чыгармачылык жолу тууралуу сүрөттөр, үй-бүлөлүк музей архивинен фотоматериалдар коюлду.

Президент ошондой эле имараттын абалы жана музейдин залдары анын борбордук сактоочу жайы менен таанышты.

КР Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жана Музейдин директору Мира Жангарачева маалымат беришти.

Алар музей капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж экендигин белгилешти.

Андан соң Сооронбай Жээнбеков А.Малдыбаев атындагы Кыргыз академиялык опера жана балет театрына барды.

Театрдын ремонт ишитерин жүргүзүүдөн кийинки абалы менен таанышты.

Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын 77-театралдык сезонунун ачылышына карата искусство чеберлеринин концерттик программасын көрдү.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалыматы боюнча 2019-жылдын 15-июлунда башталган Опера жана балет театрынын имаратын ремонттоонун жыйынтыгында Малахит залы, эки балет залы, артисттердин гримденүүчү имараты реконструкцияланды, механикалык жабдуулар, театралдык сахнаны жарыктандыруу системасы толугу менен алмаштырылды.

Эске салсак, буга чейин Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясы ремонттолду, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында жана Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театрында ремонт иштери жүргүзүлөт.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83