www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чиновниктердин айлык акысын билгиңиз келеби? Анда көз жүгүртүңүз!

Аман Аскаров 10-ноябрь 2019, 13:00

Турмуш Коом Экономика Саясат


Чиновниктердин айлык акысын билгиңиз келеби? Анда көз жүгүртүңүз!

Кайсыл чиновник кандай айлык алат болду экен? - деген суроону ар бир карапайым адам өзүнө өмүрүндө бир жолу берип көрсө керек.

Негизи мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер жыл сайын кирешеси тууралуу декларация толтуруп турууга милдеттүү. Болбосо жоопко тартылышы керек эле. Бирок, “боло берет турмушта, особенно кыргызда” – дегендей айрым мамлекеттик кызматкерлериң бул норманы "уруп" дагы ойнобойт, жоопко дагы тартылбайт. Декларацияны толтурган чиновниктин бардыгы болсо Нарындын же Алайдын тоолуу аймактарында жашаган карапайым адамдан дагы кембагал неме болуп чыга келет.

Эми негизги кепке өтөлү. Биз ар кайсыл булактарды казып отуруп, биздин айрым өкмөт мүчөлөрү кандай айлык акы ала тургандыгын билгенге аракет кылдык. Анда эмесе баштадык.

“Ачык бюджет” порталынын маалыматы боюнча Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылдын апрель айына 16 миң 893 сом алган. Кошумча төлөмү болсо 48 миң 80 сомду түзгөн.

Өкмөт аппаратынын экс-жетекчиси Нурханбек Момуналиев 2018-жылдын январында 42,305 сом.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров 2018-жылдын май айында 43, 105 сом алган.

Финансы рыногун көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын мурдагы башчысы, азыркы экономика министри Санжар Муканбетовго 2018-жылдын мартында 45,221 сом айлык которулган.

Мурдагы экономика министри Олега Панкратовдун айлыгы 35 миң 200 сомду түзчү экен.

Экс-финансы министри Адылбек Касымалиевдин маянасы 24 миң сом болчу.

Мына ушундай айлык акы менен биздин чиновниктер күн кечирет экен. Анан кайдан жайдан эле эл аралык банктардан эсеп ачып, хансарайларда жашашат. Бир эмес ондоп элитканын ээлери, урук туугандарына чейин LEXUS-570, BMW X7 минишет белгисиз. Себеби, булар алган айлыкты орто статистикалык деле жаран алып жатпайбы десең, айлыктарын же үйгө же чүйгө жеткире албай.

Булак: NazarNews.kg

 

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83