Аман Аскаров 10-ноябрь 2019, 13:40
Күрөш боюнча Азия жана дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекованы тааныбаган Кыргызстандык жаран жок болсо керек. Анын жеңиши артында Кыргызстандын желеги далай жерде желбиреди.
Нур-Султан шаарында өлкөбүздүн тарыхында алгачкы жолу күрөш боюнча дүйнө чемпиону болду. Аны менен бирге Токио шаарында 2020-жылы өтө турчу жайкы олимпиада оюндарына катышууга жолдомо алган.
Андан кийин аны президент кабыл алып батирдин ачкычын ыйгарган. Көп өтпөй батирдин ачкычын дагы бир жеке ишкер спортчу кызга ыйгаргандыгы маалым болгон. Эми эмне дейсиңер? Бизге жеткен маалымат боюнча Кыргызстандагы дагы бир ири компания Айсулууга Toyota Camry унаасын белек кылыптыр. Андыктан чемпион кызыбызды бул белеги менен куттуктап койсоңуздар болот!
Булак: NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!