Аман Аскаров 20-ноябрь 2019, 14:19
Генерал Мелис Турганбаевди билбеген адам жок го чиркин.
Шаардык милийсаны башкарды, республикалык милийсаны башкарып, ички иштер министри болду. Андан кийин ушул жылдын февраль айынан тартып жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси болду. Жакында Грузияда ардагерлер арасында күрөш боюнча финалдык беттеште америкалык атаандашын жеңип, дүйнө чемпиону дагы болду. Эми эмне дейсиңер? Ушундай даражалуу адамдын сүрөтү чапталган арак чыга баштаптыр!
Таң калычтуу, Мелис Турганбаев деле кызылдардын, каралардын, спортсмендердин арасында кадыр-баркы бар эмеспи, арактын ээсине “кой брат, андай болбойт!” – деп кырс сүйлөй алган жокпу? Же өзү “штамповать” эте баштаганбы деген дагы жаман ойлор келет экен, таңгөрү...
Булак: NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!