Айдар Нуралиев 11-ноябрь 2019, 13:00
11-ноябрга караган түнү “Манас” аэропортуна футбол боюнча Япониянын курама командасынын өкүлдөрү келип түштү. Бул рейсте япон курамасынын тренердик жана медициналык штабы, административдик персоналы жана улуттук чемпиондукта ойногон футболчулар келишкен. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, чет өлкөлөрдөгү клубдарда ойногон футболчулар башка рейстер менен келишмекчи. Команданы курамы 12-ноябрда толугу менен чогулат.
Япония курамасы бүгүн "Дордой" клубунун базасында алгачкы машыгуусун өткөрөт.
Белгилей кетсек, 2022-жылы боло турган дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында курама командабыз 14-ноябрда Япония менен, ал эми 19-ноябрда Тажикстан менен кезигет. Эки матч тең Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо, Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө болот.
Булак: NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!