Айдар Нуралиев 11-ноябрь 2019, 17:01
Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-ноябрда, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбековду кабыл алды.
Тышкы иштер министри ушул жылдын 27-ноябрында боло турган Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапарына карата даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат берди.
Мындан тышкары, Чынгыз Айдарбеков Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) жыйынына даярдыктардын алкагында аткарылып жаткан жумуштар жөнүндө билдирди.
Ушул жылдын 28-ноябрында Бишкекте Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтө турчу иш-чарага Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстандын мамлекет башчыларынын жана Армениянын премьер-министринин катышуусу күтүлүүдө.
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!