www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ФОТО - Ак үйдөгү 120 "койго" айып жок, Балыкчы мэриясынын алдындагы жылкыларга айып бар

Аман Аскаров 11-ноябрь 2019, 17:38

Турмуш Кылмыш жана кырсык Коом Саясат


ФОТО - Ак үйдөгү 120 "койго" айып жок, Балыкчы мэриясынын алдындагы жылкыларга айып бар

Кыргызстан бир кызык өлкө да. Бишкектин Ак үйүнүн тегерегинде 2015-жылдан тартып 120 “кой” ээн эркин оттоп жүрөт. Ага эч ким эч нерсе деген жок. Айыпка жыккан да, жыгылган да тарап көрүнбөйт.

Бирок Балыкчы шаарынын мэриясы башка кеп. Мэриянын аймагына 10-ноябрь күнү 18 баш жылкы кирип кеткен экен. Эми анын айынан жылкынын ээси айыпка жыгылып, анын өлчөмү 7500 сомду түзүптүр. Ээси дагы Балыкчыдан алыс эмес жайгашкан айыл тургуну экен. Эми айыл тургуну үчүн 7500 сом чоң эле акча болсо керек. Алгач эскертүү менен эле чектелсе болмок деген ой келет, 5 жылдан бери Бишкектин тегерегиндеги 120 “койду” эстегенде.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83