www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга гранттык негизде 50 млн АКШ доллары өлчөмүндө финансылык жардам берилет

Айдар Нуралиев 11-ноябрь 2019, 17:43

Расмий кабарлар Саясат Экономика


Кыргызстанга гранттык негизде 50 млн АКШ доллары өлчөмүндө финансылык жардам берилет

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2019-жылдын   8-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы —  1-чакан программа боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 24-октябрында кабыл алынган.

Азия өнүктүрүү банкынын Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы соода жана инвестициялар чөйрөсүндө атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу, чакан жана орто бизнести колдоо жана жумуш орундарын түзүү үчүн шарттарды түзүү жолу менен Кыргыз Республикасында туруктуу экономикалык өсүштү колдоого багытталган.

Ушул макулдашуунун алкагында Кыргыз Республикасына гранттык негизде 50 млн АКШ доллары өлчөмүндө финансылык жардам берилет. Финансы каражаттары республикалык бюджетти колдоого багытталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83