www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кашкар Жунушалиев Самат Курманкулов дарыланып жаткан ооруканага барды

Алтын Булат 12-ноябрь 2019, 08:52

Кылмыш жана кырсык


Кашкар Жунушалиев Самат Курманкулов дарыланып жаткан ооруканага барды

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Жунушалиев Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аликбек Жекшенкулов менен бирге Кой-Таш айылындагы окуяда коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү учурунда оор жаракат алып, жабыркаган Чүй облусунун ИИББдин башчысы даарыланып жаткан медицияналык реабилитациялык борборлордун бири-Москвадагы Медси клиникалык ооруканасына барышты. Башында ал Москвадагы Бурденко атындагы Нейрохирургиялык борбордо даарыланган.

Андан сырткары, КМШ катышуучу-мамлекеттердин аймагында Уюшкан кылмыштуулук жана башка коркунучтуу кылмыштардын түрлөрү менен күрөшүүнү координациялоо боюнча бюросунун директорунун орун басары Кыргыз Республикасынын ИИМнен А. Алиев менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги өкүлү Р. Салимов өз кесиптешине барышып, ар убак кабар алышууда. Кыргызстандын ИИМдин башчысы Самат Курманкуловдун саламаттыгы жана дарылануунун процесси менен таанышып чыкты.

Клиникалык оорукананын адистеринин айтуусунда, анын абалы жакшырып жатат. Москвадагы клиникага барганында Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Самат Курманкуловго “Эрдик” медалын тапшырды.

Эске салабыз, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгы менен Чүй облусунун ИИББдин башчысы, милициянын полковниги Самат Курманкулов коомдук коопсуздукту камсыздоого кошкон салымы жана кызматтык милдеттерин жоопкерчиликтүү аткаргандыгы үчүн мамлекеттик сыйлык-“Эрдик” медалы менен сыйланган.

Кашкар Жунушалиев, кызматтык милдеттерин аткарууда оор жаракат алган кызматкерди материалдык жактан жардам берип, моралдык жактан колдоо, ошондой эле анын үй-бүлөсүн колдоого алуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өзгөчө көзөмөлүндө экендигин белгиледи. Самат Курманкуловго тез арада сакайып кетишин каалашты, деп ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83