www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер кайда - казы, карта, чучук, мискейде, спикер кайда - капсула куюп жүрөт лицейге

Темирлан Келдибеков 12-ноябрь 2019, 13:18

Коом


Премьер кайда - казы, карта, чучук, мискейде, спикер кайда - капсула куюп жүрөт лицейге

Жогорку Кеңештин спикери Дастанбек Жумабеков Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айылында курулушу башталган №47 кесиптик лицейдин филиалынын жаңы имаратынын пайдубалына капсула салуу иш-чарасына жана аш-чарасына катышты. Аталган долбоор Катар мамлекетинин кайрымдуулук фонддору тарабынан каржыланып, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кесиптик башталгыч билим берүү агенттиги ишке ашырууда. 120-150 орунга ылайыкташтырылган имаратта веб-дизайн, системалык администрация, интернет-технология, программалоо өңдүү багыттар боюнча үч жылдык билим берилет. Студенттер үч маал тамак, стипендия жана жатакана менен камсыздалат. Ошондой эле алар үчүн тиешелүү окуу шарттары түзүлөт.

Пайдубалына капсула салуу аземинде сөз сүйлөгөн төрага Дастанбек Жумабеков билим берүү тармагына кошулган салым – өлкөнүн келечегине карата жасалган инвестиция экенин баса белгиледи: “Жаңы окуу имаратынын пайдубалына капсалуу салып жатканыма абдан кубанычтамын. Буйруса, бул имарат пайдаланууга берилсе IT-технология тармагы боюнча көптөгөн адистердин билим алып чыгуусуна шарт түзүлөт. Айрыкча, долбоордун Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында башталгандыгы жакшы жышаан. Биздин турмушубуз заманбап технологиялар менен тыгыз байланышта экенин экенин эске алганда да, аталган тармак боюнча адистердин арбын болушу өтө маанилүү. Андыктан, ушул имараттан билим алган адистер өлкөнүн жаркын келечеги үчүн кызмат кылат деген ишеничтемин. Муну менен катар ушундай эле окуу мекемелерин өлкөнүн бардык облустарына ачуу мерчемделип жатканын белгилеп кетким келет”,– деди спикер Дастанбек Жумабеков.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83