www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ФОТО - Президент Жээнбеков "понт" дегенди билбейт экен

Аман Аскаров 12-ноябрь 2019, 13:16

Турмуш Коом Саясат


ФОТО - Президент Жээнбеков "понт" дегенди билбейт экен

Президент Сооронбай Жээнбеков “Манас” аэропортунан чыгып бара жатып шурудай тизилген кортежден баш тартыптыр. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынын башчысы Улан Жумаков өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Ал “ишене албай турам. Жакында президент кайсы бир өлкөдөн иш сапары менен келип конгондон кийин, аэропорттон аны коштоп жүрүүчү кортежден, атайын үн коштоочу жабдыктардан, ар кандай “понттордон”, күзөтчүлөрдөн баш тартты. Акырын келди, кетти. Эч ким байкаган дагы жок. Болбосо жолдогу тыгындарга айрымдар нааразы болуп отурмак”, – деп жазган Жумаков.

Президенттин басма-сөз кызматынан болсо өлкө башчысы чындыгында аз сандагы коштоочу унаалар менен жүрө тургандыгын тастыктап, бирок ал адам өлкө башчы болгондон улам анын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык иш чаралар жүргүзүлүп турулаарын кошумчалашкан.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83