www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда ылдамдыкты жогорулатууга уруксат берилди

Айдар Нуралиев 12-ноябрь 2019, 15:33

Коом


Кыргызстанда ылдамдыкты жогорулатууга уруксат берилди

Кыргыз өкмөтү айдоочуларга эл аралык жана республикалык маанидеги жолдордо саатына 110 чакырым ылдамдыкта жүрүүгө уруксат берди. Жол кыймылынын эрежесине тийиштүү өзгөртүүлөр 2019-жылдын 31-октябрында киргизилген.

ИИМден түшүндүрүшкөндөй, ылдамдыкты көбөйтүү эл аралык маанидеги жолдордун унаа өткөрүү жөндөмдүүлүгүнүн жогорулашына байланыштуу. Анда сырткары, жогорку ылдамдыктагы коопсуз унаалардын паркы көбөйүүдө.

Бирок азырынча кайсы тилкелерде жана трассаларда мындай ылдамдык менен жүрүүгө боло турганы так айтыла элек.

Белгилей кетсек, буга чейин айдоочуларга эл аралык жана республикалык маанидеги жолдордо саатына 90 чакырым ылдамдыктан ашырууга болбойт болчу.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83