www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жээнбеков: "Өлкөдө экологиялык таза электр энергиясына өтүү үчүн олуттуу потенциал бар"

Айдар Нуралиев 12-ноябрь 2019, 14:50

Расмий кабарлар Коом


Жээнбеков: "Өлкөдө экологиялык таза электр энергиясына өтүү үчүн олуттуу потенциал бар"

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2015-жылдын 12-декабрында Париж шаарында кол коюлган «БУУнун  Климаттын өзгөрүшү жөнүндө Рамкалык Конвенциясы боюнча Париж макулдашуусун ратификациялоо жөнүндө» КР Мыйзамына кол койду.

Бул боюнча ал 12-ноябрда өткөн «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгы. Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюму менен кызматташуусунун жыйынтыктары жана келечеги» форумунда билдирди.

Мамлекет башчысы өлкө глобалдык экологиялык коркунучтарды токтотуу боюнча дүйнөлүк коомчулуктун ишине барган сайын жигердүү аралашып жаткандыгын белгиледи.

«Биздин өлкө эл аралык экологиялык процесстердин активдүү катышуучусу болуп эсептелет. Анткени Кыргызстанга — тоолуу өлкөгө, климаттык өзгөрүүлөрдүн таасири курч сезилет. Климаттын өзгөрүшү мөңгүлөргө, суу ресурстарына таасир этет, өлкөнүн тоолуу райондорунда табигый кырсыктардын өсүшүнө алып келет. Кыргыз Республикасы климаттын өзгөрүшүн — экосистема жана адамдар үчүн олуттуу коркунуч катары тааныйт. Ошондуктан Климаттын өзгөрүүсү боюнча Париж макулдашуусун ратификациялаган мыйзамга кол койдум», — деп баса белгиледи Президент.

Сооронбай Жээнбеков бул макулдашууну ишке ашырууда өлкөнүн салымы төмөндөгүчө болорун белгиледи.

«Бүгүн биздин өлкөдө экологиялык таза электр энергиясына өтүү үчүн олуттуу потенциал бар. Кыргыз Республикасында ГЭСтердин курулушу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу — Борбордук Азия өлкөлөрүнүн, Афганистандын жана Пакистандын гидроэнергияга болгон керектөөсүн бир кыйла деңгээлде камсыз кылат», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Ал бүтүндөй ири регионду туруктуу өнүктүрүү жана экологиялык зыян ресурстарды колдонууну азайтуу үчүн жагымдуу шарттар түзүлөрүн кошумчалады.

«Бул ошондой эле климаттын глобалдык ысып кетүүсүн басаңдатууга салым кошот. Глобалдык масштабда бул Макулдашуунун маанилүү жана зарыл экенин өзгөчө белгилейм», — деди Президент Сооронбай Жээнбеков.

Аталган Мыйзам 2019-жылдын 17-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Ага ылайык, КР Тышкы иштер министрлиги 2015-жылдын 12-декабрында Парижде КР тарабынан кол коюлган БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө Рамкалык Конвенциясы боюнча Париж макулдашуусун ратификациялоо грамотасын депозитарий болгон БУУнун башкы катчысына өткөрүп берүүгө тийиш.


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83