Темирлан Келдибеков 12-ноябрь 2019, 15:04
Өз мекенин сатып, каршылаш мамлекетке уялап кеткен Илья Медведев - Орусия Федерациясынын премьер-министри Дмитрий Медведевдин жыйырма төрт жаштагы уулу. Медведев АКШнын жараны, АКШ болсо Орусияны душман катары көрүп Орусиялык жарандарды кара тизмеге алып, камап келатат.
Таң калычтуусу, Орусиянын өкмөт башчысы Медведевдин уулун кармамак түгүл мыкты бизнесмен кылып алышкан же Трамп менен ЦРУ аны билбейт дейсиздерби?
Мындайча айтканда, Иликең Орусиянын эл аралык аренадагы душманы аталган Америкада супермаркеттердин тармагына жана май куюучу жайларга ээлик кылат. Англис тилин мыкты билет. Эми ойлонгула, ошол супермаркет, май куюучу жайларын бажы биримдигине кирген өлкөлөрдүн бирине Орусияда, Беларуста, Арменияда, Казакстанда же Кыргызстанда курса, иштетсе болот беле? Жанагы Сайдулла Нышанов деген БНКдагы май куючу «заправкалардын» барын басып алып бизнес кылган шоркелдейден мыкты Кыргызстанды гүлдөтмөк. Гүлдөтмөк болчу албетте, бирок эмнеге андай кылбайт? Себеби, Бажы биримдиги экономикалык “өлүк аймак!” Мындай мисалдар толтура! Андан көрө АКШда бизнес кылса, акчасы ашып-ташып турат.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!