www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бийчисизби? Анда сынакка катышып, Америка жана Европа мамлекеттеринен бекер билим алыңыз

Айдар Нуралиев 12-ноябрь 2019, 15:08

Маданият Коом


Бийчисизби? Анда сынакка катышып, Америка жана Европа мамлекеттеринен бекер билим алыңыз

Алгачкы жолу Бишкек шаарындагы балет мектептеринде билим алып жаткан окуучулар жана элдик коллективдердин арасында эл аралык «Youth America GrandPrix – Бишкек, Кыргызстан» сынагы өтөт.

Бишкек шаарында 2019-жылдын 16-17-ноябрь күндөрү  Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен балет мектептеринде билим алып жаткан окуучулар жана элдик коллективдердин арасында эл аралык «Youth America GrandPrix – Бишкек, Кыргызстан» сынагы өтөт.

Сынактын максаты эмне?

Сынактын негизги максаты 9 жаштан 19 жашка чейинки  бардык экономикалык, этникалык жана геомаалыматы бар, стипендия  жолу аркылуу угуучу,  билим алууга мүмкүнчүлүгү  бар жана дүйнөлүк бий түйүнүндө  аткаруучу катары  катышкан студенттерди, мугалимдерди, мектептерди, бий коллективдерин жана бийчилердин башын бириктирүүчү дүйнөлүк класстагы бийчилерди өнүктүрүү жана колдоо болуп эсептелет.

Сынактын негизги байгеси?

Сынактын негизги байгеси ар бир катышуучуга Америка жана Европа мамлекеттериндеги эң мыкты академиядан акысыз билим алуу мүмкүнчүлүк түзүү болуп эсептелет. Аталган сынактын финалдык бөлүгү Нью-Йорк шаарында  өтөт. Бул сынак жарышуу эмес, катышуучунун квалификациялык жөндөмү менен тандап алуу принциби менен өтөт.

Сынакка кимдер катыша алалт?

Сынакка хореографиялык окуу жайларда, искусство мектептеринде, колледждерде, мамлекеттик жана жеке билим берүү мекемелеринде жана кошумча билим алып жаткан  окуучулар, топтор жана өз алдынча аткаруучулар катыша алат.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83