www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Марлен Маматалиев Алай районунда иш сапары менен болду

Айдар Нуралиев 12-ноябрь 2019, 15:09

Расмий кабарлар Коом


Депутат Марлен Маматалиев Алай районунда иш сапары менен болду

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Алай районунун Үч-Дөбө айылына мурда бир келгенде үй-бүлөлүк дарыгерлер борборун курдуруп берүүнү убада кылып кеткен. Натыйжада, эл аралык фонддун көмөгү, депутаттын жеке кийлигишүүсү менен жаңы имарат тургузулуп, пайдаланууга берилип отурат. Бул үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору эл аралык фонддун жана депутаттын жеке каражатынын эсебинен курулган.

Бюджеттен кезек күтүп отурбай минтип жаркыраган имараттын курулуп калганы айылдыктар үчүн, айрыкча, эски имараты керектен чыгып калган дарыгерлер үчүн абдан чоң кубанычтуу окуя болду.

Салтанаттуу жыйындан соң лента кесилип, эл депутаты менен бирге кирген аксакалдар заманбап салынган дарыгерлер борбору менен таанышып чыгышты. Медициналык жабдуулар, керекүү эмекректери толук коюлуп берилиптир.  Андан соң жакшы тилек менен бак отургузулду.

Ушул эле айылда 275 орундуу мектеп курулуп жаткан.  Дубалдары курулуп, чатырын жабуу иштери башталып калыптыр. Бирок, калган каражатын бөлдүрүп берүүнү айылдыктар эл депутатынан суранышты. Мектептин курулушун бүткөрүү жагын Жогорку Кеңештин депутаты өз көзөмөлүнө ала турган болду.

Аталган айылды таза суу менен камсыз кылуу жагында да көйгөйлөр бар. Насосторун алмаштырган менен кургакчыл болгон жылдары жер алдындагы суунун деңгээли төмөндөп кетип суу чыкпай калган учурлар кездешет. Ошону менен бирге эле суу түтүктөрү жетпей калган участоктор  да бар. Жаңы долбоор түзүп, таза суу менен толук камсыз кылуу жагы талкууга алынды.

Үч-Дөбө айылынын Кежиге участкасындагы жаңы мечит турган жерде  мындан 150 жыл мурун Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиевдин ата-бабалары курган мечит болгон. Ал Октябрь революциясынын шарданы менен бузулуп кеткен. Кийин 1956-жылдары депутаттын чоң атасы 30 кишилик чакан мечит курган. Улам бузулуп улам кайра курулган эски мечит жараксыз абалга келген. Ошондон улам аксакалдардын өтүнүчү менен эл депутаты жеке каражатына мечит салып берип отурат.

Ошону менен бирге эле М.Маматалиев Үч-Дөбө айылында 100 гектар жерди сугат суулары менен камсыз кылуу иштери менен да алек болуп жаткан. Өкмөт тарабынан буйрукка кол коюлуп, бул боюнча элдин өтүнүчү аткарыла турган болуптур.


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83