www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Малайзиянын падышасы Мухаммад мурдагы аялы Оксана Воеводина жана уулу менен катышпоо үчүн канча төлөйт?

Аман Аскаров 12-ноябрь 2019, 16:45

Турмуш Дүйнө жүзүндө Коом


Малайзиянын падышасы Мухаммад мурдагы аялы Оксана Воеводина жана уулу менен катышпоо үчүн канча төлөйт?

Малайзиянын падышасы Мухаммад V россиялык Оксана Воеводина экөөсүнүн ортосундагы уулуна буга чейин ай сайын 2 милллион рубль алимент төлөөдөн баш тартып келген. Бирок, ал жакында өзүнүн мындай чечиминен баш тартып, Воеводинага 16 миллион рубль берип, баш оту менен кутулууну чечти.  

Ал үчүн падыша баласынын атына фонд ачып, ал жакка аталган сумманы котороорун билдирип, дагы 10 ай аралыгында кошумча 6 жарым миллион рубль бере тургандыгын маалымдаган. Бирок, ал бир нече талап дагы койгон.

Анын талабына ылайык, Оксана жана  алардын ортосундагы уулу Леон падыша Мухаммaд менен карым-катнашты биротоло үзүшү керек, бирок уулу ислам салтына ылайык тарбия алуусу шарт. Андан сырткары, Мухаммад Воеводина социалдык тармактардан өзүнүн аккаунтун жана андагы Оксана жана Леондун сүрөттөрүн өчүрүп салуусу керек. Белгилей кетсек, учурда “Мисс Москва 2015” наамынын ээси Оксана Воеводинанын Инстаграмм баракчасында 500 миң катталуучу бар.

Бирок, жакында падышанын өкүлдөрү Леондон баш тарткандыгын билдиришкен. Анын себебин падышачылык Мухаммaд, Леон анын баласы экендигинен күмөнү бар деп түшүндүргөн. Ошондуктан бала эмне себептен ислам салтында тарбия алуусу шарт деген талап коюлгандыгы түшүнүксүз.

Эске салсак,  “Мисс Москва 2015” конкурсунун жеңүүчүсү Оксана Воеводина менен Малайзиянын падышасы Мухаммaд V 2018-жылдын ноябрында баш кошушкан. Уулу Леон 21-майда төрөлгөн. Анын толук ысымы Тенку Исмаил Леон Петр Бин Тенку Мухаммад V Фарис Петр. Бирок, Оксана аны кыскача эле Леон дейт.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83