www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Куралданган мал уурулар кармалды

Бакыт Молдалиев 12-ноябрь 2019, 17:02

Кылмыш жана кырсык


Куралданган мал уурулар кармалды

Кочкор районунда мал уурулукка шектелген 5 адам кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, ички иштер бөлүмү атайын буйруктун негизинде өткөрүлгөн “Касапчы” операциясынын жүрүшүндө Кочкор РИИБи менен  ИИМдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан мал уурулукка шектелген беш адамды кармады. 

“1979-жылы туулган Ш.Ж. аттуу Ысык-Ата районундагы Төмөнкү Нооруз айылынын тургуну, 1992-жылы туулган  Ж.у.Т. аттуу Кочкор районуна караштуу Орток айылынын тургуну, 1975-жылы туулган  А.К аттуу Нарын районунун Дөбөлү айылынын тургуну, Нарын районунун Дөбөлү айылынын тургуну 1971-жылы туулган К.А., ошондой эле 1989-жылы туулган А.Т. аттуу Ысык-Көл облусунун Түп районунун тургуну кармалды. Бул адамдар Ш.Жга тиешелүү “Митсубиси Галант” жана А.Кга тиешелүү “Мерседес Спринтер” унаалары менен жүрүшкөн. Автоунааларга кароо жүргүзгөн учурда ок атуучу куралдар табылган, мындан сырткары далил зат катары 4 баш уй табылган. Алар 8 уй жана 8 жылкы уурдаган деп шектелүүдө”, -деп айтылат маалыматта. 

Учурда кылмыштарга  шектүүлөрдүн мындан башка ушундай кылмыштарга катыштыгы бар экендиги такталууда. Аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүп жатат.

Булак:NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83