www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

JashtarCamp 2019: Санарип муун. Санарип дүйнөсүнөн өзүӊдү тап!

Айдар Нуралиев 12-ноябрь 2019, 17:28

Коом


JashtarCamp 2019: Санарип муун. Санарип дүйнөсүнөн өзүӊдү тап!

Бүткүл дүйнөлүк Жаштар күнүнө карата 9 жана 10-ноябрь күндөрү Кыргызстандын бүткүл облустарында жана Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Талас, Нарын, Каракол шаарларында Jashtar Camp 2019 конференциясы өткөрүлдү. Бул тууралуу Камила Алыкулова билдирди. 

Jashtar Camp – бул жыл сайын интерактивдүү форматта өткөн. Атайын жаштарга арналган конференция.

Быйылкы Жаштар Кэмп «Санарип муун. 21-кылымдын кесиптери» темасына арналып, «Санарип дүйнөсүнөн өзүӊдү тап!» урааны менен өттү. Программада панелдик талкуулоолор, 21 кылымдык кесиптеринин жарманкеси, роботехника боюнча мастер класстар болду.

IT-технология жана роботехника, интернет маркетинг, жаӊы медиа, журналистика, туризм жана бизнес тармактарынан спикерлер катышты. Алардын арасында Санжар Жумабеков - Робоскай компаниясынын негиздөөчүсү, Тимур Аманов - IT академиянын өкүлү, ошондой эле Lalafo компаниясынын өкүлү. Мамлекеттик ишмерлерден спикер катары Жогорку Кеӊештин депутаты Эльвира Сурабалдиева жана Билим берүү министринин кеӊешчиси Нурсултан Кубанов катышышты. Мынлан тышкары, бул жылы Жаштар Кэмпке атайын Казакстандан да келди.

Танапис убагында катышуучулар спикерлер менен жакыныраак таанышып, өз суроолорун берим сүйлөшө алышты. Мындан тышкары, ар кандай конкурстар, лотерея жана концерт уюуштурулду.

Jashtar Camp 2019 Youth of Osh коомдук бирикмеси жана Жаштарды өнүктүрүү институту менен биргеликте уюштурулуп, БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН), БУУнун Балдар Фнду (ЮНИСЕФ), Германиянын эл аралык кызматташтык уюму (GIZ), Кыргыз Республикасынлагы ХЕЛЬВЕТАС Свисс Интеркооперейшн Ассоциациясы, Фридрих Эбберт Фонду жана ошондой эле «Дос-Кредобанк» тарабынан каржыланды.

«Youth of Osh» Кыргызстанда 10 жылдан бери активдүү иштеп жаткан прогрессивдүү жаштар уюму. Уюм жаштар жана жаштар саясаты менен иш алып барган эксперттик тажрыйбасы бар уюм катары таанылган. Уюмдун иши бир гана чоӊ шаарларды, райондорду эмес, чек ара жана тоолуу аймактарды камтыйт. «Youth of Osh» новатордук ыкмаларды колдонуп, жаштардын идеяларын колдоп, жайылтат. Уюм ыктыярчылардын идеологиясын, коомго кызмат кылууну жана жарандык жигердүүлүктү үгүттөйт жана жаштар арасында ишкердүүлүктү өнүктүрөт. Ошондой эле, «Youth of Osh» уюму Мамлекеттик органдар, парламент, жарандык жана бизнес-комчулук менен иш алып барып, жаштар саясатын өнүктүрүүгө салым кошот.

Биздин уюм, иш-багыттарыбыз тууралуу толук маалыматты www.youthofosh.kg сайтынан же Facebook, Instagram жана Twitter (YouthofOsh аккаунт) социалдык тармактарынан табасыз.

Булак:NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83