www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Ислам жихады” тобунун лидери өлтүрүлдү

Кызгалдак Жакыпова 13-ноябрь 2019, 11:57

Дүйнө жүзүндө


“Ислам жихады” тобунун лидери өлтүрүлдү

Израилдин коргоо күчтөрү социалдык тармактагы баракчасына “Ислам жихады” тобунун объектилерине сокку берип, аталган топтун башчысы Бахи Абу аль-Ата өлтүрүлгөнүн маалымдашты.
Израилдин премьер министри Биньямин Нетаньяху 12-ноябрда өткөн жыйында айтканына караганда, 10 күн мурун  бийлик менен коргоо күчтөрү биргеликте  Бахи Абу аль-Атаны жок кылуу чечимин кабыл алышкан. 
“Бул адам террорчулуктун генератору болгон”, -дейт саясатчы. Анын айтканы боюнча, аль-Ата жүздөгөн террордук соккуларга тиешеси бар.

Израилдин коргоо күчтөрү террорчунун үйү талкаланган сүрөтүн жарыялаган. Газа тилкесинин Саламаттыкты сактоо министрлиги израилдиктердин соккусунан 3 палестиналык каза болуп, 18и жаракат алганын билдирди. 

Ошондой эле Израиль Дамаскка да сокку урган. Дамаскка кол салуу максаты  - “Ислам жихадынын” башчыларынын бири Акрам аль-Аджуринин үйү болгон.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83