Айдар Нуралиев 13-ноябрь 2019, 15:23
Дем алуу ритми бузулганда баланын баш мээсине сигнал жетип, наристе ыктыта баштайт.
Лондон университетинин окуумуштуулары Clinical Neurophysiology журналына изилдөөлөрүнүн жыйынтыгын жазып чыгышты. Ыктытуу баланын мээсинин иштешине жардам берет, ыктыткан учурунда бала дем алуу органдарынын үстүңкү жана астыңкы диафрагмасын башкарганга аракет кыла баштайт. Наристе төрөлгөндөн кийинки 30-жумадан 42-жумага чейинки убакта активдүү ыктытат.
Кызыгы, энесинин ичинде жаткан бала тогуз айынан эле ыктыта баштайт экен. Жаңы төрөлгөндө бала дем алуусун жөнгө салса, тили өсө баштаганда да ыктытуу кайрадан активдүү башталат.
Булак: NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!