www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Өзбек ырчысы бийликке чакырык таштады

Кызгалдак Жакыпова 13-ноябрь 2019, 15:58

Маданият Коом Дүйнө жүзүндө


ВИДЕО - Өзбек ырчысы бийликке чакырык таштады

Өзбекстандын белгилүү ырчысы Лола Юлдашеванын “Севгини менга айт-2” ырына видеоклип жарык көрдү. Клипте ал Өзбек бийлигинин кээ бир тармактарын мазактагандыктан,  клип бир нече сааттын ичинде өзбек шоу-дүйнөсүндө катуу талкууга түштү. 

Клибинде Лола ата-мекендик шоу-бизнестеги тыюуларды шылдыңга алган. Клипке комментарий жазгандардын көпчүлүгү ырчынын бул кадамына суктанып жатышканын, клипти бийликке карата “чакырык” катары кабыл алышканын жазышкан. Ошондой эле, Лоланын айрым фанаттары анын лицензиясын алып салышабы деп кабатыр болушууда.

Эске салсак, Өзбекстанда шоу-бизнес өкүлдөрүнө карата талаптар өтө катуу. “Чектен ашкан” ырчылардын лицензиялары алынат. 2015-жылы “Узбекнаво” Лоланын лицензиясын алып койгон жайы да бар. Анда ырчы өзбек менталитетине шайкеш келбегендиги жана жаш муунга негативдүү таасир берет деп айыпталган болчу.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83