Кызгалдак Жакыпова 13-ноябрь 2019, 17:56
Дүйнө жүзүндө Кылмыш жана кырсык
Италиянын Венеция шаары катуу жаандын кесепетинен суу алдында калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, шаарды каптаган суунун деңгээли 1,83 метрди түзөт. Акыркы жолу Венецияда мындай суу ташкыны 1966-жылы болгон жана суунун деңгээли 1,94 метрди түзгөн.
Учурда аталган шаардын 80 пайызын суу каптап турат. Шаарда бала бакчалар, мектептер жабылды. Көптөгөн кемелер талкаланып, суу аларды жээкке айдап кеткен.
Акыркы маалымат боюнча, 2 адам каза болгон. Анын бири суу каптаган үйдүн ичинде токко урунуп өлгөн.
Аба-ырайы кескин түрдө өзгөрүп, кээде саатына 100 чакырым ылдамдыктагы катуу шамал болсо, кээде катуу жаан-чачын жаап жатат. Ошондой эле аба-ырайынын дагы да начарлашы күтүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!