www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдөгү көзгө басар пластикалык хирургдардын бири Султан Тукешов менен маек...

Айдар Нуралиев 13-ноябрь 2019, 18:04

Турмуш Маек Ден-соолук


 Өлкөдөгү көзгө басар пластикалык хирургдардын бири Султан Тукешов менен маек...

Султан Тукешов өлкөдөгү көзгө басар пластикалык хирургдардын бири. Он жылдан ашуун убакыттан бери ал адамдардын сырткы келбетине оңдоп-түзөө киргизип келет. Бир күндө бир нече операцияны башынан өткөргөн хирург эмне себептен бул тармакты тандап алганын төмөндө айтып берди.

- Султан Конокбекович, сейрек кездешүүчү кесипти тандоого сизге ким түрткү болду эле?

Мен Ысык-Көлдүн Тоң районунан болом. Көбү ата-энеңдин жолун жолдодуңбу дешет. Жок, ата-энемдин доктурлукка тиешеси жок. Атам кесиби боюнча агроном, апам мугалим. Беш бир тууганбыз, төрт эркек, бир кыз. Менден улуу агам экөөбүз доктурбуз. Калганы милиция, экономист, жеке ишкер. Бул кесипти тандап калышыма апам себепкер болгон. Негизи, өзүм 9-классты бүткөндө эл аралык дипломат кесибине ээ болгум келген. Апам кесиби боюнча психолог, өзүмө сезилбеген дараметимди байкаганбы, бир ирет мага "сенден жакшы доктур чыгат болуш керек" деди. Ушул сөзү мага дем берди окшойт. Тандоомду кылгандан кийин ата-энем химия, биология сабагынан мугалим жалдап мени абдан окутушкан. Ошентип, Медициналык академияга тапшырып калдым.

- Жеке клиника ачууну качан максат кылдыңыз?

- Улуттук госпиталдын микрохирургия бөлүмүндө 11 жыл иштедим. Бул аралык мага тажрыйба топтоого жакшы жардам берди. Эң узак операциям 20 саатка созулса, анын 15 саатын мен жасагам. Мындай тажрыйбаны ар бир хирург башынан өткөрүш керек деп эсептейм. Буту-колу жулунган оорулууну алып келгенде анын өмүрү үчүн күрөшүүгө ар бир мүнөт баа жеткис болуп саналат. Мындай режимде иштөө критикалык ой-жүгүртүүнү жакшыртат. Мамлекеттик ооруканада иштеп жүргөндө эстетикалык хирургияга даяр экенимди сезип, жеке клиника ачууга кадам таштагам. Бул жакта алты жылдан бери иштеп келатабыз. Азыр деле улуттук госпиталдын хирургия кафедрасында кызмат кылам. Колун же бутун кестирип кырсыктап калган оорулуулар келсе барып операция кылам. - Кабылдамаңызда кезек күткөндөр өтө эле көп экен. Бир күндө канча операция жасайсыз?

- Операциянын оордугуна жараша болот. Орточо эсеп менен үч операция жасайм. Дем алыш күндөрү кадимкидей эс алам.

Адамдын ички дүйнөсү ага пластикалык хирургия канчалык керек экенин өзү тандайт. Жаш кыздар сурмасы жок болсо сурма кылдыргысы келет. Жашы өткөн айымдар бетине бырыш түшсө бырыштарды тарттыргысы келет. Кээде жаш кыздар "пластикалык операция керек" дешет. Карасаң сырткы келбети татынакай болуп турат. Мындай учурда аны аң-сезиминдеги ошол ойдон арылууга үндөп, сырткы келбетинде баары жайында экенине ишендирем. Көбү макул болуп кетишет. Анан пластикалык хирургияга ден соолугу жол бербеген учурда операция жасабайм.

- Сиздин клиникага жылдап кезекке туруу керек деген сөздү укканым бар. Ушул чынбы?

- Чын. Анткени бизге Кыргызстандан эле эмес, коңшу өлкөдөн келген кардарлар бар. Ушундан улам бир жарым, эки жыл алдын ала жазылышат.

- Сиздин операция жасоо өзгөчөлүгүңүз эмнеде?

- Ар бир пластикалык хирург алдыга умтулушу керек. Күн сайын жаңы технология, материалдар чыгып турат. Доктур ошол маалыматтан артта калбай билимин өстүрүп турганы жакшы. Башка кесиптештеринин ишин анализдеп, өзүнүн ишине тиешелүү китептерди окуп дегендей. Дагы бир маанилүү жагдай, эгер доктур ийгиликтүү болом десе, анын операция жасоодо өзүнүн ыкмасы, технологиясы болушу зарыл. Мисалы, көбү менин ишимди көрүп операциядан кийин көздүн, беттин тегерегиңде шишик жок экенине таң калышат. Мунун себеби, өзгөчө ыкмабызды колдонобуз. Ар бир операцияны мурдакысынан жакшы кылууга умтулабыз. Буга чейин жүздөгөн операция жасаганыма карабай ар бир алдыда турган операцияга киргенде толкунданам, Өзүн Кудай сезип ашкере ишенимдүү болуу хирургдун эң чоң катасы болуп саналат.

- Эки жакка көп чыгасыз. Сиздин көз карашыңызда, кайсы өлкөдө пластикалык хирургия жакшы өнүккөн?

- Ар бир өлкө өзүнүн өзгөчөлүгүнө жараша өнүккөн десем болот. Мисалы, Кореяда сөөктү ичкертүү, жаак сөөктү кичирейтүү, сурма салдыруу жакшы өнүккөн. Орусия менен Америкада көкүрөктү чоңойтуу, денедеги ашыкча майларды алуу операциялары, ал эми Түркияда мурундун формасын өзгөртүү күчтүү өнүккөн. Биз болсо сурма боюнча Азиядагы күчтүү өлкөлөрдүн бирибиз.

- Хирург эмес, катардагы мырза катары айтсаңыз, сизге табигый сулуулук жагабы же эстетикалыкпы?

- Бул суроого мындай жооп бермекмин, аялзатынын табияттан берилген сулуулугуна биз көрк кошобуз. Андыктан мен аялзатын андай критерийге бөлүп карабайм. Ар бир аялда башкада жок өзгөчөлүк бар. Эгер сырткы келбет менен ички сезимди тең салмактап, аздектей билсе, ар бир айым сулуу. Көбү пластикалык хирургияны сындап жатышпайбы. Бирок ал адамды түшүнүү үчүн менин кабинетиме келген ар бир адамдын денесиндеги кемчиликти өзүнө өлчөп көрүш керек. Бир жолу бир айым көзүнө сурма жасатам десе күйөөсү каршы болуптур. Кийин жасатмак болуп келгенде жолдошун кантип көндүргөнүн сурадым. Көрсө, жолдошунун көзү чоң, сурмалуу экен. Ага "менин сурмасы жок көзүм сеники болсо эмне кылат элең?" десе, "жасата бер" деп уруксат бериптир.

- Жубайыңыз менен кандай шартта таанышып, баш коштуңуз эле?

- Келинчегим менен окуп жүргөндө таанышып баш кошконбуз. Кесиби боюнча көз доктур. Учурда республикалык ооруканада балдар бөлүмүндө көз доктур болуп иштейт. Менин жумушума дайыма түшүнүү менен караганын баалайм. Өз кесибинен сырткары торт жасаганды жакшы көрөт. Колу бош болгондо бизди таттуулар менен сүйүнтүп турат.

- Туугандарыңызга деле операцияны өзүңүз жасайсызбы?

- Ооба, сулуулук боюнча, бир жерин кесип, тилдирип алса, мурдунун формасын өзгөртөм десе, операцияны өзүм эле жасайм. Бирок жакын адамың алдыңда жатса толкундануу эки эсе болот. Мындан бир нече жыл мурда эжемдин өсүп кеткен тырмагын алып кичинекей операция жасагам. Чыккандан кийин колум чыканагыма чейин кызарып кетти. Самынга же кол капка аллергия болдум окшойт десем, аны күндө эле колдонуп жүргөм. Көрсө, өтө толкунданып, нервим чыңалгандан болуптур.

- Келинчегиңиз бет түзүлүшүн өзгөртөм десе макул болот белеңиз?

- Өзүм, негизи, бет түзүлүшүнүн бир жерин өзгөртмөкмүн деп айта албайм. Чынын айтсам, ага операция жасагандан корком. Эгер абдан суранса, өзүнүн каалоосун угуп көрүп ойлонмокмун.

- Уулдарыңыз жөнүндө айтып берсеңиз...

- Улуусу Алмамбет, андан кийинкилери Семетей, Сейтек. Улуусу мектепке, кичүүлөрү бала бакчага барышат. Жумуштан баргандан кийин болгон убактымды уулдарыма арнайм. Күнү кандай өткөнүн, эмне жаңылыктары болгонун сурап, ойнотом. Эртең менен мектебине, бала бакчага жеткирип, анан жумушка келем. Бирок апасынын мээнетинин жанында меники кичине азыраак болуп калат. Анын эмгегине тең келе албайм. Бирок ата катары милдеттеримди так аткарганга аракет кылам. Эс алуу күндөрү сейил бакка чыгып дем алабыз. Тынч жерге барып жакшы тамактанганды жактырабыз, - деп маек берген пластикалык хирург Султан Тукешов “Леди.kg” гезитине.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83