www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан Өзбекстандын өсүмдүк азыктарын киргизүүгө убактылуу чектөө коет

Алтын Булат 13-ноябрь 2019, 18:22

Кылмыш жана кырсык


Кыргызстан Өзбекстандын өсүмдүк азыктарын киргизүүгө убактылуу чектөө коет

2019-жылдын башынан бери Өзбекстан республикасынан Евразия экономикалык биримдигинин фитосанитардык карантиндик талаптарына жооп бербеген 356 факт катталган. Анын ичинде 10 жолу ууланган продукциялар келген.

Акыркы жолу Өзбекстандан анар келген, анын ууланган экендиги аныкталган. Аталган товар Өзбекстандын фитосанитардык көзөмөлүнүн сертификаты менен келген. Оштогу лабороториянын текшерүүсүнөн өткөндө “Grapholitha molesta Busck” вирусу менен ууланганы аныкталган.

Аталган факт катталгандан кийин Өзбекстандан келген 35,25 тонна башка товарлар да “Достук” бекетинен өткөрүлгөн жок.

Фитосанитардык карантиндик текшерүүдөн өткөндө 35,25 тонна продукциядан (курма, бий алма ж.б) жараксыз фитосанитардык сертификат жана кутусунда этикеткасы жок экендиги такталган.

ЕАЭБдин талаптарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, карантиндик товарлардын Өзбекстандан Кыргызстанга киргизилишине тыю салынышы мүмкүн. Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти тарабынан Өзбекстандын Өсүмдүктөрдүн карантини департаментине өсүмдүк азыктарына убактылуу чектөө киргизилип жаткандыгы жөнүндө кат жөнөтүлдү.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83