www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адам уурдап, издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Айдар Нуралиев 14-ноябрь 2019, 09:59

Кылмыш жана кырсык Коом


Адам уурдап, издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

2019-жылдын 11-февраль күнү болжол менен саат 17:00 чамасында Жалал-Абад шаарынын Б.Осмонов көчөсүндө жайгашкан “Салтанат” ресторанынын жанында 1991-ж.т. Т.Ф. аттуу Сузак районунун тургунун белгисиз азиат улутундагы атуулдар “Хонда Фит” үлгүсүндөгү автоунаага күч колдонуп салышып, белгисиз тарапка уурдап кетишкен. Кылмышкерлер жабырлануучуну Бишкек шаарына алып барышып, жакын туугандарынан 20 миң АКШ долларын талап кылышкан.

Бул факты боюнча топтолгон материал Жалал-Абад ШИИБнин КЖБРне “Киши уурдоо” болуп катталып, КРнын Жазык кодексинин 170-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган кылмыш ишинин алкагында ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, 2 шектүү колго түшүрүлүп, жабырлануучу туугандарына өткөрүлүп берилген. Бирок кылмыштуу топтун дагы 2 мүчөсү ушул фактыга тиешеси бар экендиги аныкталып, алардын үстүнөн издөө жарыяланган.

2019-жылдын ноябрь айынын башында, Жалал-Абад ШИИБнин криминалдык милиция кызматынын опер кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектүү, КРнын ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган Чүй областынын Аламүдүн районунун тургуну 1993-ж.т. М.Ш. Бишкек шаарында жашынып жүргөн жеринен кармалып, Жалал-Абад ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Азыркы убакта анын башка да жасаган кылмыш иштерин аныктоо максатында тергөө, ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Булак:NazarNews.kg

 

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83