www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бабанов неге талкуулардан көрүнбөйт?

Айдар Нуралиев 14-ноябрь 2019, 10:42

Саясат


Бабанов неге талкуулардан көрүнбөйт?

Кыргыз мамлекети азыр күүгө келе баштады. Дайыма шайлоо болордо өлкөнүн ысылыгы жогорулап кетерин саясатчылар эмес сексендеги абышка да жакшы билет, - деп жазып чыкты "Ачык сөз" гезити бүгүнкү чыккан санында.

Арийне, коомчулуктун таразасында учурда шайлоо тосулмасынын тогуз пайыз болушуна карата түркүн көз караштар бар. Бири ушул бойдон кетсе татыктуулар, күчтүүлөр парламентке келет деген пикирин жаадырса, айрымдары тосмону ылдыйлатууга кызыктар. Бирок, мунун тагдырын бир адам эле чечип салат деген кептердин да чыгышы жөн жерден эмес.

Өткөндө мен деген саясаттагы лөктөрдү ушул маселе боюнча чакырып көпкө чейин талкуулашты. Феликс Кулов, Адахан Мадумаров, Өмүрбек Текебаев, Равшан Жээнбеков, Чолпон Жакупова, Темир Сариев сыяктуу саясатчылар өз ойлорун ортого салышты. Негедир азыр “саясий депрессияда” жүргөн Өмүрбек Бабанов көрүнбөдү. Же чакырылбай калганбы?

Эмнеси болсо да бакылдап ортодо жүргөн кишинин мындай учурда четтеп калышы ар кандай ойлорго түртөт экен. Чамасы бизнесине доо кетирбөө үчүн ал мындай талкууларга катышпай эле коюну туура көрсө керек. Байлыкты биринчи орунга койгон киши саясаттан деле кетип каларын билебиз го? Демек, анын партиясы шайлоого барбайт деген имиштердин чындыгы бардай…

Булак:NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83